Загрузка документа…
МИН-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXVII чакырылышынын кезексиз II сессиясы
2018-жылдын 20-апрели № 2/4
Афганстан Ислам Республикасынын Улуу Памиринен келген этникалык кыргыздарга материалдык жардам берүү жөнүндө
Мин-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн алдындагы «Мин-Булак айыл аймагын өнүктүрүү Фонду» мекемесинен Афганстан Ислам Республикасынын Улуу Памиринен келген этникалык кыргыздарга материалдык жардам катары айына 2000 (эки мин) содон 5-айга 10000 (он мин) сом акча каражатын берүү максатында Миң- Булак айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектүү II сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мин-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн алдындагы «Мин-Булак айыл аймагын өнүктүрүү Фонду» мекемесинен Афганстан Ислам Республикасынын Улуу Памиринен келген этникалык кыргыздарга материалдык жардам катары айына 2000 (эки мин) содон 5-айга 10000 (он мин) сом каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы К. Усуповго милдетендирилсин.
Төрага | К.Асанов |