Загрузка документа…
МИН-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXVII чакырылышынын кезексиз II сессиясы
2018-жылдын 20-апрели № 2/9
Солтон сары жайлоосундагы «Бучук» участкасындагы Кыргыз-Кытай биргелешкен ЖЧК «Чжун-Дьжи-Майнинг» компаниясы менен иш алып баруу жөнүндө
«Бучук» участкасындагы Кыргыз-Кытай биргелешкен ЖЧК «Чжун-Дьжи-Майнинг» компаниясы менен иштешүүгө жана Мин-Булак айыл өкмөтүнүн №19 б буйругунун 18.04.2018-жылдагы сунушу боюнча Мин-Булак айыл аймагынын жалпы элдердин чогулушунун №2 пртоколу жана 18.04.2018-жылдагы №6 протоколун бекитип берүү жөнүндө Миң- Булак айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектүү II сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мин-Булак айыл аймагынын жалпы элдик чогулушунун 20.02.2018-жылдагы №2 протоколу жана 18.04.2018-жылдагы №6 протоколу бекитилсин.
2. Кыргыз-Кытай биргелешкен ЖЧК «Чжун-Дьжи-Майнинг» компаниясына инфраструктура обьектилерин курууга 564,9 га жери убактылуу пайдаланууга анын ичинде 41,6 га техникалык жолду курууга укук берилсин.
3. 04.02.2013-жылдагы №3228 AE Лицензиясынын негизинде убактылуу 564,9 га жери пайдаланууга жана курулуш курууга укук берилсин.
4. 09.02.2018 жылдагы Геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүү максатында жер казынасын пайдаланууга укук берген №2387 АР лицензиясынын негизинде чалгындоо иштерин жүргүзүүгө укук берилсин.
5. Мин-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн №19б буйругунун 18.04.2018-жылдагы сунушу боюнча ЖЧК «Чжун-Дьжи-Майнинг» компаниясы менен иштешүүгө, ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө макулдук берилсин.
6. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы К. Усуповго милдетендирилсин.
Төрага | К.Асанов |