Загрузка документа…
МИН-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXVII чакырылышынын кезексиз II сессиясы
2018-жылдын 20-апрели № 2/11
Мин-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн алдындагы «Мин-Булак айыл аймагын Өнүктүрүү Фонду» мекемесинен Мин-Булак айыл аймагында жашаган тоголок жетим, жарым жетим балдарга жайкы эс алуусуна акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Мин-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн алдындагы «Мин-Булак айыл аймагын өнүктүрүү Фонду» мекемесинен Мин-Булак айыл аймагында жашаган тоголок жетим, жарым жетим балдарга жайкы эс алуусуна лагерге баруусуна Айылдык Кенештин Депутаты Бектемирова Кенжегүлдүн демилгесинин негизинде 50 000 (элүү мин) сом акча каражатын бөлүп берүү үчүн XXVII чакырылышынын кезектүү II сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мин-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн алдындагы «Мин-Булак айыл аймагын өнүктүрүү Фонду» мекемесинен Мин-Булак айыл аймагында жашаган тоголок жетим, жарым жетим балдарга жайкы эс алуусуна лагерге баруусуна 50 000 (элүү мин) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы К. Усуповго милдетендирилсин.
Төрага | К.Асанов |