Загрузка документа…
МИН-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXVII чакырылышынын кезексиз III сессиясы
2018-жылдын 10-майы № 4/12
Мин-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн алдындагы «Мин-Булак айыл аймагын өнүктүрүү Фонду» мекемесинен Мин-Булак айылынын тургуну Кенжебек уулу Бакытка акча каражатын пайызсыз кайтарымдуу грант түрүндө бөлүп берүү жөнүндө
Мин-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн алдындагы «Мин-Булак айыл аймагын +нүктүрүү Фонду» мекемесинен Мин-Булак айылынын тургуну Кенжебек уулу Бакытка “Регионду өнүктүрүү жылына карата” , Мин-Булак айылына темир ширетүүчү жана Боз үй жазоо үчүн 100 000 (бир жүз мищ) сом акча каражатын келишимдин негизинде пайызсыз кайтарымдуу грант түрүндө бөлүп берүү үчүн Депутаттардын Мин-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезексиз III сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мин-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн алдындагы «Мин-Булак айыл аймагын +нүктүрүү Фонду» мекемесинен Кенжебек уулу Бакытка келишимдин негизинде каражатын пайызсыз кайтарымдуу грант түрүндө 100 000 (бир жүз мищ ) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Эки тараптуу келишимди түзүү жагы «Мин-Булак айыл аймагын +нүктүрүү Фонду» жетекчиси Т. Усеновго тапшырылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы К. Усуповго милдетендирилсин.
Төрага | К.Асанов |