Загрузка документа…
МИН-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXVII чакырылышынын кезексиз II сессиясы
2018-жылдын 10-майы № 4/16
Мин-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн алдындагы «Мин-Булак айыл аймагын өнүктүрүү Фонду» мекемесинен Үч айылдын орто мектептерине окуучулар үчүн гоеталаасынын тетиктерин алууга, жазоого акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Мин-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн алдындагы «Мин-Булак айыл аймагын өнүктүрүү Фонду» мекемесинен Үч айылдын орто мектептерине окуучулар үчүн гоеталаасынын тетиктерин алууга, жазоого 40 000 (кырк миң) сом акча каражатын бөлүп берүү үчүн Депутаттардын Мин-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезексиз III сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мин-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн алдындагы «Мин-Булак айыл аймагын өнүктүрүү Фонду» мекемесинен Үч айылдын орто мектептерине окуучулар үчүн гоеталаасынын тетиктерин алууга, жазоого 40 000 (кырк миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы К. Усуповго милдетендирилсин.
Төрага | К.Асанов |