Загрузка документа…
МИН-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXVII чакырылышынын кезексиз V сессиясы
2018-жылдын 21-июну № 6/3
Мин-Булак айыл аймагындагы Мамбетаипов Ж. жана Усупов. С атындагы бала бакчаларга ремонт үчүн акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Мин-Булак айыл аймагындагы Мамбетаипов Жумабек атындагы бала бакчанын от казанын ремонтоого 25 000 (жыйырма беш мин) сом жана Усупов Сырынбет атындагы бала бакчанын септигин жаныртуу үчүн 20 000 (жыйырма мин) сом акча каражаты бөлүп берүү максатында Миң- Булак айыл аймагынын айылдык Кеңешинин XXVII чакырылышынын кезексиз V сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Мамбетаипов Жумабек атындагы бала бакчанын от казанын ремонттоо үчүн 25 000 (жыйырма беш мин) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
Усупов Сырынбет атындагы бала бакчанын септигин жаныртуу үчүн 20 000 (жыйырма мин) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы К. Усуповго милдетендирилсин.
Төрага | К. Асанов |