Загрузка документа…
КУМ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI- чакырылышынан ХVIII-сессиясы
2018-жылдын 11-майы № 18/1
“Сан-Хе” фирмасынан 2017-жылга түшкөн салыктары жөнүндө
Депутаттардын VI-чакырылышынан шайланган Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттары, айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы Б.Тажиевдин айыл аймагындагы “Сан-Хе” фирмасынан түшкөн салыктардын эсеп-кысаптары жана кайсы багытка жумшалып аткарылгандыгы жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, депутаттардын Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кум-Дөбө айыл өкмөтүнүн аймагындагы “Сан-Хе” фирмасынын 2017-жылга түшкөн салыктардын эсеп-кысап иштери такталып, кайсы соц. объектилерге жумшалганын, айылдарга бөлүнгөн каражаттары толук көрсөтүлүп, аткарылган иштери жөнүндө кийинки сессияга жана туруктуу комиссияга берүү ФЭБ башчысы Б.Тажиевге тапшырылсын.
2. Кум-Дөбө менен “Сан-Хе” фирмасынын ортосундагы 1 жылдык түзүлгөн келишимдин аткарылышына көзөмөлдүк кылуу айылдык кеңешинин туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл өкмөт башчысы М.Асанбаевге милдеттендирилсин.
Төрага | А.Өмүров |