Загрузка документа…
КУМ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI- чакырылышынан ХVIII-сессиясы
2018-жылдын 11-майы № 18/2
ЖПБнин төрагасы К.Жукешовдун 2018-жылга аткарган иштери жөнүндө
Депутаттардын VI-чакырылышынан шайланган Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттары, айыл өкмөтүнө караштуу ЖПБнин төрагасы К.Жукешовдун 2018-жылга карата бекитилген иш планы, тарифи, көчүү-конуунун растановкасы жана алыскы Соң-Көл, Ак-Бел жайлоолоруна даярдыгы жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, депутаттардын Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кум-Дөбө айыл өкмөтүнүн аймагындагы ички жайлоолорду эс алдыруу, жайыттарды туура пайдалануу үчүн, айыл аймагына караштуу “Жайыт Пайдалануучулар Бирикмесинин” 2018-жылга карата жыйындарда элдик жыйындардын токтому менен бекитилген расценкалары колго алынсын.
2. “Жайыт Пайдалануучулар Бирикмесинин” жайыт жерлерин башкаруу жана пайдалануу боюнча ыйгарым укуктарынын негизинде пайдалануучу жайыт участокторунан жер салыгын жыйноо жана келип түшкөн каражаттарды жергиликтүү бюджетке багыттоо, кайсы багытка чыгымдала турганы, мыйзам чегинде иш алып баруу жагы ЖПБнин төрагасы К.Жукешовго жана эсепчиси Н.Керимбековго милдеттендирилсин.
3. 2018-жылга ЖПБнин бюджетине түшкөн каражатты, анын чыгымдарын көзөмөлгө алып, мыйзамдын негизинде кайсы багытка кетип жаткандыгы боюнча түшүндүрүлүп, көзөмөлгө алуу жагы ФЭБ башчысы, башкы эсепчи Б.Тажиевге милдеттендирилсин.
4. Ички жайлоолорду эс алдыруу максатында, мал баккан чабандарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, чек араларга корукчуларды коюп, аларга, айыл башчылары менен бирдикте келишим түзүү жагы ЖПБнин төрагасы К.Жукешовго тапшырылсын.
5. Алыскы соң-Көл, Ак-Бел жайлоолоруна көчүп барган учурда, өз убагында майда жандыктарды жугуштуу ылаңдарга каршы алдын-ала эмдөөлөрдү жүргүзүү, ооруган малдарды учётко алуу жана дарылоо иштерин жүргүзүү жагы мал догдур К.Нуркалиевге жана вет. сервис башчыларына милдеттендирилсин.
6. Соң-Көл, Ак-Бел жайлоолоруна атайын штаб түзүлүп, ооруп калган чабандарга тез жардам чакыртып, өз убагында кам көрүп туруу жагы штабдын мүчөлөрүнө жана ЖПБнин төрагасы К.Жукешовго милдеттендирилсин.
7. Аткарылган иштери боюнча ар бир 10 күндө айыл өкмөтүнө маалымат берүү К.Жукешовго, К.Нуркалиевге тапшырылсын.
8. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу айыл өкмөт башчысы М.Асанбаевге тапшырылсын.
Төрага | А.Өмүров |