Загрузка документа…
КУМ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI- чакырылышынан ХVIII-сессиясы
2018-жылдын 11-майы № 18/3
Айыл башчылардын 2018-жылга карата жүргүзүлгөн иштери жөнүндө
Депутаттардын VI-чакырылышынан шайланган Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттары, айылдардын айыл башчылары Н.Акматов, Н.Көчоров, К.Турусбеков жана М.Дүйшөналиевдердин 2018-жылга карата айдап-себүү, көчүп-конуу иштери жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, депутаттардын Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кум-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу айылдардын айыл башчылары 2018-жылы аткарып келген иштери, 2017-жылда “Сан-Хе” фирмасынан бөлүнүп берилген каражаттарды туура пайдаланылышы, социалдык инфраструктураны жакшыртуу, көрктөндүрүү- жашылдандыруу боюнча аткарылып келген иштеринде бир кыйла келтирилген кемчиликтерди эске алуу менен төмөндөгүдөй баа берилсин.
А). Кум-Дөбө айыл башчысы К.Турусбеков бөлүнүп берилген каражаттарды туура пайдалануу, коомдук иштерге, жашылдандыруу- көрктөндүрүү иштерине жаңы социалдык объектилерине өз убагында көзөмөлдүк кылып келгендиги үчүн иштеген иши “Канааттандыраарлык” деп табылсын.
Б). Ак-Жар айыл башчысы М.Дүйшөналиев бөлүнүп берилген каражаттарды туура пайдаланууда, айлана-чөйрөнү көрктөндүрүү- жашылдандыруу иштерине, чек арадагы белгилерди аткарып келгендиги үчүн, иштеген ишине “Канааттандыраарлык” деп табылсын.
В). Шамшы айыл башчысы Н.Көчөров 2018-жылга “Сан-Хе” фирмасынан бөлүнгөн каражаттарды пайдаланып, өкмөттүн токтомдорун аткарууда 3 айлык жашылдандыруу-көрктөндүрүү иштерин уюштуруп, айылындагы мекеме-ишканалардын башчылары менен тыгыз байланышта болуп, көчөлөрдү иретке келтирип, актап сырдагандыгы, коомдук иштерди аткаргандыгы үчүн “Канааттандыраарлык” деп табылсын.
Г). Бугучу айыл башчысы Н.Акматовдун маалыматын депутаттарга өз убагында аткарбай келгендиги, бөлүнүп берилген каражаттарды туура эмес пайдаланып, эсеби жоктугу, айылдардын бөлүнгөн жерлерди сырдалбай, ички арыктар тазаланбай, токойдогу субай малдар көчпөй, өз убагында чара көрбөгөндүгү үчүн иштеген ишине “Канааттандыраарлык эмес” деп табылсын.
2. Эгерде бир ай ичинде жогорудагы иштерден жыйынтык чыкпаса , мыйзам чегинде чара көрүлөөрү эскертилсин.
3. Жогорудагы токтомдо көрсөтүлгөн иштерге көзөмөлдүк кылуу айыл өкмөт башчысы М.Асанбаевге, жооптуу катчы Ө.Ишенгуловго милдеттендирилсин.
Төрага | А.Өмүров |