Загрузка документа…
КУМ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI- чакырылышынан ХVIII-сессиясы
2018-жылдын 11-майы № 18/4
“Кум-Дөбө ичээр суу” ИСКААКБнын мурунку торагасы А.Бейшеналиевдин жоопкерчилигиндеги инвентарды өткөрүү жөнүндө
Депутаттардын У1-чакырылышынан шайланган Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кенешинин депутаттары, мурунку ИСКААКБнын төрагасы А.Бейшеналиев жоопкерчилигин сезбей келбей иштебегендиктен, депутаттардын Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кенеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Кум-Дөбө ичээр суу ”ИСКААКБнын мурунку төрагасы А.Бейшеналиев өзүнүн жоопкерчилигиндеги инвентарды өз убагында өткөзүлбөй, эс алуучу комнатанын үстүндөгү 7(жети) даана плитаны чыгарып кеткендиктен, тиешелүү органдарга берилсин.
2. Мурунку “Кум-Дөбө ичээр суу” ИСКААКБнын төрагасынын жоопкерчилигиндеги инвентарды өткөзүү үчүн төмөндөгүдөй комиссия курамы түзүлсүн.
Ө. Ишенгулов- а/ө жооптуу катчысы, комиссиянын төрагасы
Б. Тажиев - ФЭБ башчысы, комиссиянын катчысы
А. Абдрасакова - эсепчи, комиссиянын мүчөсү
А. Өмүров – а/к төрагасы, комиссиянын мүчөсү
Б. Исаев - а/к депутаты, комиссиянын мүчөсү
М. Төлөнбеков- “Кум-Дөбө” муниципалдык ишкананын башчысы, ком. мүчөсү
Э. Токушов - “Шамшы” муниципалдык ишкананын башчысы, ком. мүчөсү
3. Жогорудагы токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө органдарга берүү жагы а/ө башчысы М.Асанбаевга милдеттендирилсин.
Төрага | А.Өмүров |