Загрузка документа…
КУМ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI- чакырылышынан ХVIII-сессиясы
2018-жылдын 11-майы № 18/5
Жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүндөгү айыл чарба жерин пайдалануу учун жер салыгынын базалык ставкасын бекитүү жөнүндө
Депутаттардын VI-чакырылышынан шайланган Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттары, салык инспектору К.Курманалиеванын маалыматын угуп жана талкуулап, депутаттардын Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2019-жылдын 1-январынан Кум-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн айыл чарба жерин пайдалануу учун жер салыгынын базалык ставкасы Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин №337 статьясынын 6 бөлүмүнө ылайык 1.2 коэффициентинде бекитилсин.
2. Айыл чарба жерин пайдалануу учун жер салыгын эсептөөдө 1.2 коэффициенти менен эсептөө 2019-2021- жылдар учун бюджеттин болжолдуу долбоорлоруна көрсөтүлүп жана бекитилсин.
3. Токтом мамлекеттик нормативдик укуктук актыга киргизүүгө жана каттоого алуу Нарын облустук адилет башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. 2019-жылдын 1-январынан тартып токтом күчүнө кирсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө ФЭБ башчысы Б.Тажиевге жүктөлсүн.
Төрага | А.Өмүров |