Загрузка документа…
КУМ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI- чакырылышынан ХIХ-сессиясы
2018-жылдын 17-майы № 19/1
Алыскы жайлоолорго көчпөгөн малчыларга чара көрүү жөнүндө
Депутаттардын V1-чакырылышынан шайланган Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кенешинин депутаттары, Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы К.Жукешовдун маалымат сунушун угуп, депутаттардын Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кум-Дөбө айыл өкмөтүнүн ЖПБнин төрагасы К.Жукешовдун мал баккан малчылары менен түзүлгөн келишимдердин негизинде өз убагында көчпөй турган малчыларды ирээтке келтирүү максатында, төмөндөгүдөй комиссия курамы түзүлсүн:
- К.Нуркалиев- мал догдур, комиссиянын төрагасы
- Б.Жумабеков –экотех. инспектор (макулдашуу боюнча)
- К.Жукешов – ЖПБ нин төрагасы, комиссия мүчөсү
- Н.Көчөров - Шамшы айылынын башчысы, комиссия мүчөсү
- К.Турусбеков –Кум-Дөбө айылынын башчысы, комиссия мүчөсү
- М.Дүйшөналиев –Ак-Жар айылынын башчысы, комиссия мүчөсү
- Н.Акматов - Бугучу айылынын башчысы, комиссия мүчөсү
- Т.Мыктыбеков- жайыт комитетинин мүчөсү
- Б.Асанбаев – айылдык кенештин депутаты
- А.Чолпонкулов- айылдык кенештин депутаты
- М.Бөйтөев – айылдык кенештин депутаты
2. Малчылар менен түзүлгөн келишимдин негизинде көрсөтүлгөн алыскы жайлоолорго көчпөсө 193-статьясы Жайыттарды жана чабындыларды пайдалануунун белгиленген режимин бузуу жөнүндөгү статьясынын негизинде мал баккан малчылар мал ээлерине кайра тарата турган болсо 50000 (элүү миң) сом өлчөмүндө айып пул төлөтүүлөрү эскертилсин.
3. Жогоруудагы мыйзам бузган малчыларды көзөмөлдөп жардам берүү жагын Кочкор Жумгал региондор аралык экологиялык техникалык инспекциясынын инспектору Б.Жумабековго тиешелүү акты кагаздарын берүү жагы ЖПБнын төрагасы К.Жукешовго милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл жана жер реформасы, айлана чөйрөнү коргоо, курулуш, байланыш боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А.Өмүров |