Загрузка документа…
КУМ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI- чакырылышынан ХIХ-сессиясы
2018-жылдын 17-майы № 19/2
Кочкор районунун Кум-Дөбө айыл аймагында ичүүчү таза-суу үчүн төлөмдү, сугат суулары жана таштандыларды чыгаруунун наркын (тарифин) бекитүү жөнүндө
Аталган маселе боюнча айыл өкмөтүнүн башчысы М.Асанбаевдин маалыматын угуп жана талкуулап, аталган нарктарды (тарифтерди) эл менен тааныштыруу жана макулдашуу боюнча өткөрүлгөн элдик жыйындардын чечимдерин эске алуу менен, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнүн 14-пунктуна ылайык, Кочкор районунун Кум-Дөбө айылдык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүнүн башчысы М.Асанбаев Кочкор районунун Кум-Дөбө айыл аймагында ичүүчү таза-суу, сугат суулары жана таштандыларды чыгаруу үчүн наркын (тарифин) бекитүү жөнүндөгү билдирүүсү жана сунуштары эске алынсын. (тиркелет).
2. Кум-Дөбө айыл аймагында ичүүчү таза-сууга болгон төлөмдүн наркы (тарифи)
( ар бир жанга ) бир айга:
Кум-Дөбө айылы- 29 сом
Ак-Жар айылы-32 сом
Шамшы айылы-25 сом өлчөмүндө бекитилсин.
3. Кум-Дөбө айыл аймагында графикке ылайык таштандыларды чыгаруунун наркы (тарифи) ар бир жан башына ай сайын;
Кум-Дөбө айылы- 8 сом
Ак-Жар айылы- 8 сом
Шамшы айылы- 8 сом өлчөмүндө бекитилсин.
4. Кум-Дөбө айыл аймагында сугат сууга болгон төлөмдүн наркы (тарифи) (бир гектарына) бир жылга
Кум-Дөбө айылы-676,50 тыйын.
Ак-Жар айылы- 676,50 тыйын
Шамшы айылы- 654 сом өлчөмүндө бекитилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырылсын.
Төрага | А.Өмүров |