Загрузка документа…
СЕМИЗ-БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 5-апрели № 16/1
Кочкор районунун «Ардактуу атуулу» наамына талапкерлерди сунуштоо жɵнүндɵ
1. Семиз-Бел айыл аймагынын Семиз-Бел айылынын тургуну кɵп жылдар бою жардамчы чабан болуп эмгектенген «Баатыр эне» Ындыбаева Асылкан жана Чекилдек айылынын тургуну чабан болуп үзүрлүү эмгектенип, андан кийин чарбада сугатчы, фермада саанчы болуп иштеген «Баатыр эне» Акунова Асылган Кочкор районунун «Ардактуу атуулу» наамын берүү жɵнүндɵ Семиз-Бел айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын сунуштарын жана тиешелүү документтерин карап, талкуулап «Жергиликтүү ɵз алдынча башкаруу жɵнүндɵгү Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 36-беренесине ылайык Семиз-Бел айыл аймагынын айылдык Кенеш ,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
2. Семиз-Бел айылынын тургуну «Баатыр эне» Ындыбаева Асылкан, Чекилдек айылынын тургунун «Баатыр эне» Акунова Асылдын талапкерлиги Кочкор районунун «Ардактуу атуулу» наамына сунушталсын.
3. Бул токтомду бекитип берүү жагы Кочкор райондук кошмо жыйындар Кеңешинен суралсын.
Төрага | Р.Базаркулов |