Загрузка документа…
СЕМИЗ-БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI- чакырылышынын кезексиз XVI-сессиясы
2018-жылдын 5-апрели № 16/2
Семиз-Бел айыл аймагынын Арсы айылына мектеп куруу үчүн жер аянтын бөлүп берүү жѳнүндѳ
Элдин суроо-талабы боюнча Семиз-Бел айыл аймагынын Арсы айылына мектеп куруу үчүн жер аянтын бөлүп берүү жѳнүндѳгү Семиз-Бел айыл өкмөтүнүн жер жана турак жай боюнча башкы адиси С. Сыдыгалиевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Семиз-Бел айылдык Кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Элдин суроо-талабын аткаруу максатында, Арсы айылынын күн батыш тарабынан, Чийник участкасынан 2,0 га жер аянты мектеп куруу үчүн бөлүнуп берилсин.
2. Бөлүнүп берилген жер аянтына тиешелүү документтерди бүтүрүү жагы айыл өкмөтүнүн жер бөлүп берүү боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл башчысына милдеттендирилсин.
3. Жер аянтын бөлүп берүү жагы Семиз-Бел айыл өкмөтүнүн жер адисине жана Кочкор райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгына милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы Семиз-Бел айыл өкмөтүнүн башчысы Б. Акишовго тапшырылсын.
Төрага | Р.Базаркулов |