Загрузка документа…
СЕМИЗ-БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI- чакырылышынын кезексиз XVI-сессиясы
2018-жылдын 5-апрели № 16/8
Семиз-Бел айыл ɵкмɵтүнүн аймагына караштуу Кара-Тоо айылынын тургундарынын 4-апрель 2018-жылдагы №5 токтомун бекитүү жɵнүндɵ
Семиз-Бел айыл ɵкмɵтүнүн аймагында Кара-Тоо айылынын тургундарынын элдик жыйындын 4- апрель 2018-жылдагы №5 токтомунун негизинде Семиз-Бел айыл аймагынын айылдык Кенеш ,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Семиз-Бел айыл ɵкмɵтүнүн Кара-Тоо айылынын тургундарынын элдик жыйындын 4 апрель 2018-жылдагы №5 токтому бекитилсин.
2. Айдоо-себүү,оруп-жыйуу,мезгилин сапаттуу бүткɵрүү элдик жалпы жыйындын чечимине ылайык жумуштун аткарылышына тɵмɵндɵгүдɵй кызмат кɵрсɵтүү акылары бекитилсин.
Кош айдоо -1000 сом 25 литр май
Себүү-500 сом 8 литр май
Планировка-400 сом 10 литр май
Тырмоо-500-сом 10литр май
Арык тартуу-200 сом 4литр май (га)
Чɵп чабуу-1000 сом 10 литр май
Косилка -1000 сом 10 литр май
3. Мал багуу акыларын бекитүү жɵнүндɵ 2018-жылдагы элдик жыйындын чечимине ылайык тɵмɵндɵгүдɵй мал багуунун акылары бекитилсин:
Уй,бука-300 сом
Кой-30 сом
Эчки -35 сом
Жылкы-300 сом
Тай-300 сом
4. Жаздоого кɵчүү 20-апрелден кечиктирилбестен,ал эми жайлоого кɵчүү 1-майдан кечиктирилбестен кɵчүрүлсүн.Күзгү оруп-жыйуу жумуштары аяктагандан кийин тɵрт түлүк малдын кɵчүп келүү графиги 2018-жылдын 1-октябрынан 5-октябрына чейин бекитилсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын кɵзөмɵлдɵɵ жагы Семиз-Бел айыл ɵкмɵтүнүн башчысы Б.Акишовго тапшырылсын.
Төрага | Р.Базаркулов |