Загрузка документа…
СЕМИЗ-БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI- чакырылышынын кезексиз XVI-сессиясы
2018-жылдын 24-майы № 17/1
Калк арасында мал чарбасындагы малдын жугуштуу ооруларынын алдын алуу жана профилактикалык иштердин жүргүзүлүшү жөнүндө
Калк арасында мал чарбасындагы малдын жугуштуу ооруларынын алдын алуу жана профилактикалык иштердин жүргүзүлүшү жана ири мүйүздүү малдарды идентификациядан ɵткɵрүлүшү жɵнүндɵ Семиз-Бел айыл ɵкмɵтүнүн мал чарба жана ветеринардык тейлɵɵ адиси М.Исаевдин маалыматын угуп жана талкуулап айылдык Кенеш ,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Семиз-Бел айыл аймагынында малдардын ылаңын алдын алуу жана эпизоотиялык абалды турукташтыруу максатында жайлоолорго жеринде барып, малдарга клиникалык кароо жүргүзүп, таза малдарга эмдɵɵ иштерин уюштуруу менен малчыларга малдарды дарылоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жайыт комитети менен бирдикте ветеринардык тейлɵɵ адиси М.Исаевге милдеттендирилсин.
2. Калк арасында малдан жугуучу оорулардын алдын алуу үчүн ɵлгɵн малдарды атайын даярдалган чуңкур «Яма-Беккари» куруу иштерин уюштуруу айыл өкмөтүнүн ветеринардык тейлөө адиси М.Исаевге тапшырылсын.
3. Семиз-Бел айыл аймагында ири мүйүздүү малдарды идентификациялоо иштерин сапаттуу жүргүзүү менен каттоодон ɵткɵн ири мүйүздүү малдарды тактап маалымат базасына киргизүү жана сатылып кеткен малдарды чыгыштоо иштерин сапаттуу бүткɵрүү жагы вет адис М.Исаевге, вет сервис Ɵ.Исаковго милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл чарба жана айлана-чɵйрɵнү коргоо боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Төрага | Р.Базаркулов |