Загрузка документа…
СЕМИЗ-БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI- чакырылышынын кезексиз XVI-сессиясы
2018-жылдын 24-майы № 17/4
Менчик малдарды жайлоого чыгаруу боюнча уюштуруу иштеринин жүрүшү жөнүндө
Семиз-Бел айыл аймагында менчик малчыларды жайлоого чыгаруу боюнча уюштуруу иштеринин жүрүшү жана жайыттардын туура пайдаланышы жөнүндө Арсы, Чекилдек, Семиз-Бел айылынын айыл башчыларынын жана жайыт комитетинин төрагасы Ч.Алжанбаевдин маалыматтарын угуп жана талкуулап Семиз-Бел айылдык Кеңеши ,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Семиз-Бел айыл аймагында менчик малдарды жайлоого көчүү конуу графигинин сакталышы жана жайыттардын туура пайдаланышы боюнча уюштуруу иштери жүргөндүгү белгиленсин.
2. Жайыт комитетине жайыт жерлерин башкарууну жана пайдаланууну жергиликтүү кеңеш тарабынан расмий бекитилген Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча жамааттын пландарынын негизинде гана жүргүзүүсү милдеттендирилсин.
3. Жайыт акыны жана жайыт салыктарынын чогултуу боюнча план тапшырмаларын аткаруу,чабандарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жана иш пландарынын аткарылышы айыл өкмөтүнө маалымат берүү жайыт комитетинин төрагасы Ч.Алжанбаевге тапшырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Акишовго тапшырылсын.
Төрага | Р.Базаркулов |