Загрузка документа…
СЕМИЗ-БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI- чакырылышынын кезексиз XVI-сессиясы
2018-жылдын 24-майы № 17/3
Семиз-Бел айыл ѳкмѳтүнүн жайыт пайдалануучулар бирикмесине келген техниканын жана асыл тукум букаларынын бааларын бекитүү жѳнүндѳ
Семиз-Бел айыл аймагынын жайыт комитетине» Мал чарбасы жана рынокту ѳнүктүрүү-1 долбоору» аркылуу келген техниканын ( эксковатор погрузчик) жана асыл тукум букаларынын бааларын бекитүү жѳнүндѳ жайыт комитетинин бухгалтериҮ.Асаналиевдин маалыматын угуп жана талкуулап Семиз-Бел айылдык Кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Семиз-Бел айыл аймагындагы жайыт комитетине келген техникасына жана букаларына элге кылган кызмат кѳрсѳтүүсүнѳ тѳмѳндѳгүдѳй ѳлчѳмдѳ баалар бекитилсин.
Экскаватор погрузчик жүктѳгѳн ГАЗ-53 Зил Тележка унааларына 1- рейсине 300 сом майы ичинде
Камаз жана Хово унаасына 1-рейсине 600 сом май ичинде
Арык казуу 1-метрине 60-сом 3-литр май
Чуңкур казуу, жана погреб септик туалет казуу келишимдин негизинде
Асыл тукум букаларга ар бир кууттан чыккан уй башына 300сом
Букага берилүүчү жем чѳптүн ѳлчѳмү бир күнгѳ беде чѳп 4кг, эспарцет чѳп 4кг, саман 2кг, жем 6кг, туз-3кг
2. Жогорудагы кѳрсѳтүлгѳн баалардын негизинде айыл тургундарына кызмат кѳрсѳтүү жагы айыл башчыларына жана бука багуучуга жогорудагы кѳрсѳтүлгѳн бааларды аткаруу жагы милдеттендирилсин,
3. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ жагы жайыт комитетинин тѳрагасы Ч.Алжанбаевге милдеттендирилсин.
Төрага | Р.Базаркулов |