Загрузка документа…
АКНАЗАРОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
31-чакырылыштагы депутаттарынын 2017-жылдын кезексиз 5-сессиясы
2017-жылдын 16-марты № 2
Акназаров айылдык кеңешинин 31-чакырылыштагы депутаттарынын 2017- жылдын кезексиз 5-сессиясындагы протоколдун негизинде
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1.Кызыл-Октябрь айылындагы клубдун кире беришинен баштап жаңы салынып жаткан спорт комплекстин артындагы 95(токсон беш) даана кара жыгачтар 1964-жылы олтургузулуп,эскилиги жетип , курап ,кооптуу абал түзүлүп жаткан- дыгына байланыштуу кесилип,ордуна жаңы көчөттөр отургузулуп жаңыртылышына макулдук берилсин.
2.Акназаров айылдык аймагынын башчысы Тынысов У КР Өкмөт үнө караштуу курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агентигинин Талас аймактык башкармалыгынан 95( токсон беш) даана кара жыгачтарды кесүүгө макулдук суралсын.
3.Токтомду аткаруу жагы айылдык кеңештин жер комиссиясына жүктөлсун.
4.Токтомду көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
5.Бул токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага | Р.Рысматов |