Загрузка документа…
АКНАЗАРОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
31-чакырылыштагы депутаттарынын 2017-жылдын кезексиз 5-сессиясы
2017-жылдын 16-марты № 7
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндөгү мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 8-июлундагы “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун аткаруу органынын типтүү түзүмүн жана штаттык санын бекитүү жөнүндө”№ 403 сандуу токтомуна ылайык Акназаров айылдык кеңешинин 31-чакырылышынын депутаттарынын 2017-жылдын 16-мартындагы кезексиз 5-сессиясында талкууланып
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1.Акназаров айылдык аймагынын калкынын санына жараша айыл өкмөтүнүн типтүү түзүмү жана штаттык саны 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2.Штаттык бирдикте каралган юрист башкы адис ордуна муниципалдык менчик жана өзгөчө кырдаалдар боюнча башкы адис жана чыгаша боюнча жетектөөчу адистин ордуна экономист-статист жетектөөчү адис деп алмаштырылсын.
3.Айылдык аймактын администрациялык борбору болуп саналган калктуу пунктан тышкары жетектөөчү адистин деңгээлинде кызматтык маянасы менен ошол калктуу пункттун тургундарынын ичинен “Айыл башчысы” кызмат орду 2 штаттык бирдик бекитилсин.
4.Бекитилген айыл өкмөтүнүн типтүү түзүмү жана штаттык санына жараша Бакай-Ата райондук каржы бөлүмү тарабынан эмгек маяналарын каржылоо жагы каралсын.
5.Токтомду аткаруу жагы айыл ФЭБ башчысы Т.Жанкорозовага жүктөлсүн.
6.Бул токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага | Р.Рысматов |