Загрузка документа…
АКНАЗАРОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
31-чакырылыштагы депутаттарынын 2017-жылдын кезексиз 5-сессиясы
2017-жылдын 16-марты № 10
“Акназаров айыл өкмөтүнүн 2017-жылга жергиликтүү бюджетин жана 2018-2019-жылдарга жергиликтүү бюджетинин болжолун бекитүү жөнүндө”
Акназаров айылдык аймактык кеңеши, айыл өкмөтүнүн 2017-жылга бюджетинин долбоорун угуп, талкуулап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ
Акназаров айыл өкмөтүнүн 2017-жылга бюджетинин көлөмү киреше, чыгашасы менен 13 287,8 миң сом суммасында баланс менен бекитилсин.
Киреше булактары, төмөнкү киреше булактарынын эсебинен түзүлсүн.(миң сом):
Трансфеттер: -5154,9
Теңдөөчү грант: -5154,9
Салык төлөмдөрү -4497,9
1. Салык агентиги төлөөчү киреше салыгы -1740,2
2. Милдетүү патенттештирүү - 4,2
3. Ыктыярдуу патенттин негизинде алынуучу салык - 280,0
4. Чакан ишкерпдик субүектери үчүн бирдик салык - 4,0
5. кыймылсыз мүлктөн алынуучу киреше салыгыы -4,5
6. Унаа каражат ээсинен алынуучу салык -575,0
Жер салыгы: -1790,0
7. Короо жай салыгы -230.0
8. Айыл чарбасына жарактуу жер салыгы -1536,0
9. Айыл чарба багытында эмес жер салыгы -24,0
10. Сатуудан алынуучу салык -100,0
Салык эмес кирешелер: -3630,0
11. КФБ жерлердин аренда акысы - 2286,3
12. Жайлардын аренда акысы (муниц.менчик) -41,5
13. Жайыт жердин ижара акысы -90,0
14. Калктуу конуштарда жер ижарасы үчүн акы - 48,0
15. Атайын каражаттар -1084,2
16. Юстиция органы тарабынан кармалуучу төлөм - 30,0
17 . Адм. штраф жана санкциялар - 50,0
Актив менен милдеттенме -5,0
18. Жеңил автоунааны сатуу -5,0
Жалпысы: - 13 287,8
Чыгашалар бөлүгү- 13 2877,8 миң сом өлчөмүндө, төмөндөгү бөлүмдөр боюнча бекитилсин:
1. Башкаруу аппаратына -3149,8 миң сом
2. Экономикалык маселелер -15,0 миң сом
3. Жарандык коргоо жана ӨК - 120,0 миң сом
4. ЖКХ бөлүмдөрү -4932,0 миң сом
5. Китепкана бөлүмүнө -112,4 миң сом
6. Айылдык клуб -190,0 миң сом
7. Билим берүү бөлүмүнө -2168,8 миң сом
8. Бала бакча бөлүмүнө -1024,1 миң сом
9. Соц.коргоо бөлүмүнө -491,5 миң сом
10. Атайын каражат -1084,2 миң сом
1. 2017-жылдын бюджетине белгиленген каржылоо чыгымдары биринчи кезекте корголгон статьялар боюнча жумшалсын. (эмгек акы, с/ф, тамак –аш, э/эн ж.б)
2. Жыл ичинде жергиликтүү киреше булактары бюджетте бекитилген сметадан ашып түшсө, ал суммага жараша бюджеттин чыгаша бөлүгунө өзгөртүүнү кошумча смета түзүү менен киргизүү жагы айылдык аймактык кеңештин сессиясына сунушталып, планга тактоо киргизүү Каржы Министрлигинен суралсын.
3. Бюджетин аткаруу процессинде зарыл учурларда кварталдан кварталга жылдыруу айыл өкмөтүнүн финансы экономикалык бөлүмүнүн сунушунун негизинде айыл өкмөтүнүн башчысынын токтому менен жүргүзүлсүн.
4. Бөлүмдөн бөлүмгө, статьядан статьяга жылдыруу айыл өкмөтүнүн финансы- экономикалык бөлүмүнүн сунушунун негизинде, айылдык аймактык кеңешинин сессиясынын токтомунун негизинде жүргүзүлүсү белгиленсин.
5. 2016-жылдын 20-январындагы №1/5 буйругуна ылайык, 2017-жылга белгиленген бюджеттин эсебинен 120,0 миң сом өзгөчө кырдаал үчүн кол тийбес резерв катары пландаштырылсын.
6. Ошондой эле КР “ КР бюджеттик укуктарынын негизги принциптери жөнүндө” мыйзамынын 2824-статьясына ылайыктуу (КР Мыйзамдарынын 20.07.2004-ж № 93, 14.02.2008-ж № 14редакциясы боюнча) Жергиликтүү бюджеттин чыгашасынын 1% не
чейинки өлчөмүндө, айыл өкмөтүнүн ар бир кандай социалдык экономикалы маданий чыгымдарына -132,9 миң тескөөсүнө берилсин.
7. Бюджеттин киреше булактары болгон салык жана салык эмес төлөмдөрдү жыйноодо, өткөн жылдардан калган суммаларды (недоимкаларды) толук өндүрүүгө айыл өкмөтүнүн салык кызматкерлерине катуу талап коюлсун. Ошондой эле алардын ишине ар тараптуу жардамдар көрсөтүлсүн.
8. Салык кодексинин 197 статьясынын негизинде унаа ээлеринен тийиштүү өлчөмдөгү салыктар алынсын.
9. Айыл чарба багытындагы эмес жер салыгынын чегерүүнүн коэффициенти К,1=1,04 болуп, айыл чарба багытында жерлеринин жер салыгын чегерүүнүн коэффициенти КL=1,034 болуп белгиленсин.
10. КР Өкмөтүнүн 30.05.2013-ж №302 токтомунун 1 пунктунда көрсөтүлгөндөй билим берүү уюмдарынын окуу жана тарбия иштерине байланыштуу чыгымдары Билим Берүү Министрлиги аркылуу каржыланары белгиленсин.
11. 2018-жылдын бюджет божомолунун жалпы суммасы -12117,5 миң сом анын ичинен теңдөөчү гранттын суммасы-5267,0 миң сом, 2019-жылдын бюджет божомолунун суммасы-12295,4 миң сом, теңдөөчү гранттын суммасы -5418,9 миң сом суммасында белгиленсин.
12. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык аймактык кеңешинин бюджеттик комиссиясына тапшырылсын.
13. Бул токтом жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.
Төрага | Р.Рысматов |