Загрузка документа…
ПОКРОВКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
25-чакырылышынын кезектеги 1-сессиясы
2018-жылдын 20-февралы №2
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Жаңы доорго кырк кадам” программасынын негизинде Покровка айыл аймагында 2018-жылга карата жашылдандыруу иштерин жүргүзүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Жаңы доорго кырк кадам” программасынын негизинде “Тоо токой” кадамын колдоп ишке ашыруу максатында Покровка айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жашылдандыруу иш-чарасынын маанилүүлүгүн жана зарылдыгын түшүнүп,долбоорду ишке ашыруу максатында айыл өкмөтүнүн иш-чарасы иштелип чыксын.
2. Долбоор аркылуу алынуучу көчөттөрдүн суммасы 130.0 миң сом. Көчөттөрдү отургузуп, айлана чөйрөнү курчоо үчүн кызмат көрсөткөн жумушчуларга 20.0 мин сом бюджеттен каралып берилсин.
3. КЭБнун башчысы (К.Жунусбаев) Жашылдандыруу иш-чарасын ишке ашыруудагы кеткен чыгымдарды каржылоо жыгы жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Жалиловго тапшырылсын.
Төрага | М.Т.Садыков |