Загрузка документа…
ПОКРОВКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
25-чакырылышынын кезектеги 1-сессиясы
2018-жылдын 24-февралы №3
“ Покровка айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн 2017-жылдагы бюджетинин аткарылышы жана 2018-жылдагы бюджетин бекитүү жөнүндө”
Покровка айыл аймагынын айылдык кеңешинин алдындагы бюджет комитетинде алдын ала талкууга алынган Покровка айыл өкмөтүнүн 2017-жылдагы сунуш кылынган бюджеттин аткарылышы жөнүндө жана 2018-жылга бюджетинин долбоорун карап чыгып, Покровка айыл өкмөтүнүн КЭБнүн башчысы К.Б.Жунусбаевдин баяндамасын угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктун (жергиликтүү бюджетти жана анын аткарылышы жөнүндөгү маалыматтын бекитүү, ошондой эле бюджеттин аткарылышы жана бюджеттен тышкары фонддордун пайдаланышы жөнүндө маалыматты угуу) жетекчиликке алып Покровка айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Покровка айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн 2017-жылга карата бюджетинин аткарылышы: киреше бөлүгү - атайын каражат менен кошулганда 17139,6 мин сомго анын ичинде атайын каражат (ата-энелер төлөмү), 2050 мин сом жана чыгаша бөлүгү 15089,6 мин сом (тиркеме тиркелет).
2. Покровка айылдык аймагынын айыл өкмөтүнүн 2018-жылга карата бюджетинин кирешелер боюнча 17341,4 миң сом жана чыгашалар боюнча 17341,4 миң сом өлчөмүндө бекитилет. Анын ичинен теңдөөчү грант 127,0 миң сом жергиликтүү бюджеттен 15007,4 миң сом анын ичинде жайыт жерлеринен түшкөн каражат 356,4 мин сом (тиркеме тиркелет), жана атайын каражат (ата-энелер төлөмү) 2207,0 миң сомду түзүп жалпысы жайыт жеринин бюджети менен кошулганда 17341,4 мин сом өлчөмүндө бекитилсин.
3. Покровка айылдык аймагынын айыл өкмөтүндө жайгашкан мекеме-уюмдардын жыл ичинде каржылоо чыгымдарын зарыл болгон учурда бир статьядан экинчи статьяга өзгөртүү киргизүү, көзөмөлдөө жагын Покровка айыл өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмүнүн башчысы К.Жунусбаевге, разделден разделге жылдыруу айылдык кеңештин макулдугу менен уруксат берилсин.
4. Биринчи кезекте каржылоону корголгон статьяларга жүргүзүлсүн (айлык акы, социалдык фонд, тамак-аш жана коммуналдык чыгымдар электро-энергия, көмүр).
5. Айыл өкмөтүнө керек болгон учурларда резервдик фонддон, ар кандай чыгымдардан, разделине жараша накталай акча каражатын алууга мыйзам чегинде уруксат берилсин ( Афган окуясынын катышуучуларына, Чернобыль, Баткен апаатынын катышуучуларына, 8-март аялдардын эл аралык майрамына, баатыр энелерге, Нооруз майрамына , 7-апрель революция күнүнө, 1-май, 9-май жеңиш күнүнө,Энелер күнүнө, 1-июнь балдарды коргоо күнүнө, Эгемендүүлүк күнүнө, карылар күнүнө, майыптарга жана социалдык муктаж үй-бүлөлөргө жардам берүү, айыл аймагындагы өтүлүүчү ар кандай спорт майрамдарына) жардам.
6. Токтомдун аткарылышын Покровка айыл өкмөтүнүн башчысы А.Б.Жалиловго, финансы экономика бөлүмүнүн башчысы К.Жунусбаевге милдеттендирилсин.
Төрага | М.Т.Садыков |