Загрузка документа…
ПОКРОВКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
25-чакырылышынын кезектеги 1-сессиясы
2018-жылдын 24-февралы №6
Покровка айыл аймагына караштуу Жайылган айылынын китепканасына Аралбай Амановдун ысымын ыйгаруу жөнүндө
Жайылган айылынын тургуну Эмгектин ардагери Өктөмкан Сулайманованын кайрылуусун талкуулап Покровка айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргызстан журналисттер союзунун жана Кыргызстан улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү, журналист Аралбай Амановдун ысымын Жайылган айылынын китепканасына ыйгаруу боюнча Өктөмкан Сулайманованын кайрылуусу канааттандырылсын.
2. Покровка айыл аймагына караштуу Жайылган айылынын китепканасына Аралбай Амановдун ысымы ыйгарылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Б.Жалиловго тапшырылсын.
Төрага | М.Т.Садыков |