Загрузка документа…
ПОКРОВКА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
25-чакырылышынын кезектеги 1-сессиясы
2018-жылдын 24-февралы №7
Покровка айыл өкмөт башчысынын маалыматы жана Покровка айылдык аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн 2018-2020-жылдарга карата стратегиялык планын бекитүү жөнүндө
Покровка айылдык аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн 2018-2020-жылдарга карата стратегиялык планын жана 2040-жылдарга чейинки “Таза Коом” программасынын талаптарын талкуулап Покровка айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Покровка айыл өкмөт башчысынын (А.Б.Жалилов) 2017-жыл ичинде аткарылган иштери жөнүндө маалыматы канааттандыраарлык деп табылсын.
2. Покровка айылдык аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн 2018-2020-жылдарга карата стратегиялык планы бекитилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Б.Жалиловго тапшырылсын.
Төрага | М.Т.Садыков |