Загрузка документа…
ТАШ-КӨМҮР ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 28-июну № 1
Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кенешинин ХХIХ - чакырылышынын кезектеги 5- сессиясынын катчысы жөнүндө
Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кенешинин ХХIХ - чакырылышынын кезектеги 5-cессиясынын катчысы боюнча шаардык депутаттар Кенешинин төрагасы С.Сансызбаевдин сунушун угуп жана талкуулап Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кенешинин ХХIХ - чакырылышынын кезектеги 5 - cессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Депутат Рахманов Адисбек Жияналиевич Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кенешинин ХХIХ - чакырылышынын кезектеги 5-сессиясынын катчысы болуп шайлансын.
2. Бул токтомду мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык Кенештин аппаратына милдеттендирилсин.
3. Токтом жергиликтүү массалык маалымат каражаттарында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
Төрага | С.Сансызбаев |