Загрузка документа…
ТАШ-КӨМҮР ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXIX- чакырылышы кезектеги 5 – сессиясы
2018-жылдын 28-июну № 2
«Таш-Көмүр шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2019-жылга долбоорунун алгачкы божомолу жөнүндө»
Таш-Көмүр шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2019-жылга долбоорунун алгачкы божомолу тууралуу шаардык Кенешинин алдындагы “Экономика жана Бюджет” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы, депутат М.Кулдышевдин маалыматын угуп жана талкуулап, Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кеңешинин ХХIХ - чакырылышынын кезектеги 5- cессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Таш-Көмүр шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2019-жылга долбоорунун алгачкы божомолу тууралуу шаардык Кенештин алдындагы “Экономика жана Бюджет” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы М.Кулдышевдин маалыматы эске алынсын.
2. Шаардын 2019-жылга жергиликтүү бюджетинин долбоорунун алгачкы божомолу №1; 2 тиркемелерге ылайык жактырылсын.
3. Таш-Көмүр шаарынын жергиликтүү бюджетинин 2019-жылга жактырылган алгачкы божомолун Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигине жөнөтүү жагы шаардык мэрияга милдеттендирилсин.
4. Бул токтомду мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык Кенештин аппаратына милдеттендирилсин.
5. Токтом жергиликтүү массалык маалымат каражаттарында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кенештин алдындагы «Экономика жана бюджет» маселеси боюнча туруктуу комиссиясына (М.Кулдышев) жүктөлсүн.
Төрага | С.Сансызбаев |