Загрузка документа…
ТАШ-КӨМҮР ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXIX- чакырылышы кезектеги 5 – сессиясы
2018-жылдын 28-июну № 5
«2017-жыл ичинде салык жыйымдарынын аткарылышы жана жергиликтүү бюджетти толуктоодо салык башкармалыгынын жүргүзгөн иштери боюнча салык башкармалыгынын маалыматы»
2017-жыл ичинде салык жыйымдарынын аткарылышы жана жергиликтүү бюджетти толуктоодо салык башкармалыгынын жүргүзгөн иштери боюнча шаардык салык башкармалыгынын башчысы К.Эгембердиевдин маалыматын угуп жана талкуулап Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кенешинин ХХIХ чакырылышынын кезектеги 5 – cессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2017-жыл ичинде салык жыйымдарынын аткарылышы жана жергиликтүү бюджетти толуктоодо салык башкармалыгынын жүргүзгөн иштери боюнча шаардык салык башкармалыгынын башчысы К.Эгембердиевдин маалыматы эске алынсын.
2. Бул токтомду мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык Кенештин аппаратына милдеттендирилсин.
3. Токтом жергиликтүү массалык маалымат каражаттарында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
Төрага | С.Сансызбаев |