Загрузка документа…
ТАШ-КӨМҮР ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXIX- чакырылышы кезектеги 5 – сессиясы
2018-жылдын 28-июну № 9
«Таш-Көмүр шаардык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо бөлүмүнүн 2017-жыл ичинде аткарган иштери тууралуу маалыматы»
Таш-Көмүр шаардык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо бөлүмүнүн 2017-жыл ичинде аткарган иштери тууралуу шаардык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо бөлүмүнүн башкы каттоочусу Ж.Мамытованын маалыматын угуп жана талкуулап Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кеңешинин ХХIХ - чакырылышынын кезектеги 5 - cессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Таш-Көмүр шаардык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо бөлүмүнүн 2017-жыл ичинде аткарган иштери тууралуу шаардык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо бөлүмүнүн башкы каттоочусу Ж.Мамытованын маалыматы эске алынсын.
2. Бул токтомду мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык Кенештин аппаратына милдеттендирилсин.
3. Токтом жергиликтүү массалык маалымат каражаттарында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
Төрага | С.Сансызбаев |