Загрузка документа…
ТАШ-КӨМҮР ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXIX- чакырылышы кезектеги 5 – сессиясы
2018-жылдын 28-июну № 10
«Шаардын тазалыгы, көрктөндүрүү, жашылдандыруу маселелери боюнча шаардын аймагындагы мекеме ишканалардын жүргүзгөн иштери жөнүндө»
Шаардын тазалыгы, көрктөндүрүү, жашылдандыруу маселелери боюнча шаардын аймагындагы мекеме ишканалардын жүргүзгөн иштери тууралуу шаардык Кенештин алдындагы “Өнөр жай” боюнча туруктуу комиссиясынын мүчөсү, депутат Ж.Мырзакановдун маалыматын жана чыгып сүйлөгөн депутаттардын сын пикирлерин угуп жана талкуулап, Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кенешинин ХХIХ чакырылышынын кезектеги 5- cессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Шаардын тазалыгы, көрктөндүрүү, жашылдандыруу маселелери боюнча шаардын аймагындагы мекеме ишканалардын жүргүзгөн иштери тууралуу шаардык Кенештин алдындагы “Өнөр жай” боюнча туруктуу комиссиясынын мүчөсү, депутат Ж.Мырзакановдун маалыматы эске алынсын.
Шаардык мэрияга, ММДга (О.Нурманбетов), аймактык башкармалыктарга:
Шаар ичинде таштандыларды өз убагында график боюнча алууга жетишүү;
Бардык эс алуу бактарына көбүүрөөк көнүл бөлүү, жаңы олтургузулган көчөттөрдүн куурап калуусуна жол бербөөгө жетишүү, убагында карап туруу, малга жегизбөө;
Таш-Көмүр шаарында, Кызыл-Жар, Шамалды-Сай, Кызыл-Алма шаарчаларында көчө жээктериндеги арыктардын тазалыгын көзөмөлдөө:
“Түндүк” аймактык башкармалыгында Масалиев, Чапаева көчөлөрүндөгү ажатканаларды калыбына келтирүү ошондой эле Щвейная, №5-орто мектебине тез аранын ичинде балдардын коопсуздугун сактоо максатында жолго дөңчөө (лежачий полицейский) орнотуу;
Токтогул көчөсүндөгү №1, 8, 12 кабат үйлөрдүн жана Чыныбаев көчөсүндөгү № 107, 98 барак үйлөрдүн ажатканаларын жанылап куруу:
“Куруучулар” кичи районундагы “Жаштар” багын көзөмөлгө алуу, ошондой эле Шамалды-Сайга кетүүчү аялдаманын жанындагы мыйзамсыз курулган дүкөндөрдүн мыйзамдуулук жагын кароо:
“Кызыл-Алма” кичи району аркылуу өткөн жолдордун жээгиндеги көп кабаттуу үйлөрдүн тротуарларын оңдоо:
“Кызыл-Жар” аймактык башкармасындагы көчөлөргө түнкү жарыктардын лампочкаларын алмаштыруу, аймактык башкармалыгындагы жолдорду оңдоо, шагалдоо жана жол жээгине жол белгилерин орнотуу:
Кудук-Сай насостук станцияларды тез аранын ичинде ремонттоп, дыйкандарга суу берүү:
ММДнын берген маалыматы менен текшерүү учурунда аныкталган дал келбөөчүлүктөр (163 даана можовейник, 1000 даана роза гүлдөрү, 2,2 тн. акиташ, күйүүчү май боюнча ММДга шаардын бюджетинен 2017-ж. 70 тн. сарпталган ХОБО автоунаасына гана) боюнча тактоо ;
Шаардык ММДга (О.Нурманбетовго) жана аймактык башкармалыктардын башчыларына (Кызыл-Жар) үч айлыктын жыйынтыгы менен чара көрүү жагы шаардык мэрияга милдеттендирилсин.
Жогорудагы белгиленген иштердин аткарылышын камсыз кылуу жана аткарылышы боюнча шаардык Кеңештин кийинки кезектеги сессиясында маалымат берүү камсыздалсын.
Бул токтомду мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык Кеңештин аппаратына милдеттендирилсин.
Токтом жергиликтүү массалык маалымат каражаттарында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кеңештин алдындагы “Өнөр жай” боюнча туруктуу комиссиясына (А.Асанов ) жүктөлсүн.
Төрага | С.Сансызбаев |