Загрузка документа…
ТАШ-КӨМҮР ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXIX- чакырылышы кезектеги 5 – сессиясы
2018-жылдын 28-июну № 12
«Шаардык мэриянын 05.06.2018-жылдагы “Таш-Көмүр шаардык мэриясынын жер талдоо комиссиясынын курамын ээлеген кызмат орундары боюнча бекитип берүү” тууралуу №01-14/925 кайрылуу каты жөнүндө»
Шаардык мэриянын 05.06.2018-жылдагы “Таш-Көмүр шаардык мэриясынын жер талдоо комиссиясынын курамын ээлеген кызмат орундары боюнча бекитип берүү” тууралуу №01-14/925 кайрылуу каты жөнүндө шаардык Кеңештин алдындагы «Мыйзамдуулук» боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Раимжановдун маалыматын жана чыгып сүйлөгөн депутаттардын сын пикирлерин угуп жана талкуулап Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кеңешинин ХХIХ чакырылышынын кезектеги 5- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Шаардык мэриянын 05.06.2018-жылдагы “Таш-Көмүр шаардык мэриясынын жер талдоо комиссиясынын курамын ээлеген кызмат орундары боюнча бекитип берүү” тууралуу №01-14/925 кайрылуу каты жөнүндө шаардык Кеңештин алдындагы «Мыйзамдуулук» боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Раимжановдун маалыматы эске алынсын.
“Таш-Көмүр шаардык мэриясынын жер талдоо комиссиясынын курамы” ээлеген кызмат орундары боюнча төмөндөгүдөй бекитилсин:
Комиссиянын төрагасы: -шаардын 1-Вице мэри;
Төраганын орун басары:- шаардык депутаттар Кеңешинин аппарат жетекчиси;
Катчысы:-муниципалдык менчик департаментинин башкы адиси
Мүчөлөрү;
шаардык мэриянын турак жай жана коммуналдык чарба боюнча башкы адиси;
шаардык Кеңештин депутаты: - А. Шералиева;
шаардык Кеңештин депутаты: - Н. Боруев;
шаардык шаар курулуш жана архитектура башкармалыгынын башчысы;
шаардык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо бөлүмүнүн башчысы;
ОАА жана МСЭКБнун башкы дарыгери;
муниципалдык менчик департаментинин директору;
“Суу Чарба” мекемесинин директору;
шаардык РЭТтин башчысы;
шаардык өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы;
Шамалды-Сай шаарча аймактык башкармалыгынын башчысы
Кызыл-Жар шаарча аймактык башкармалыгынын башчысы
3. Бул токтомду мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык Кеңештин аппаратына милдеттендирилсин.
4. Токтом жергиликтүү массалык маалымат каражаттарында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кеңештин алдындагы «Мыйзамдуулук» боюнча туруктуу комиссиясына (А.Раимжанов) жүктөлсүн.
Төрага | С.Сансызбаев |