Загрузка документа…
ТАШ-КӨМҮР ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 28-июну № 13
«Шаардык мэриянын 05.06.2018-жылдагы “Таш-Көмүр шаардык мэриясынын муниципалдык менчиктеги жер тилкелерин ижарага берүү боюнча конкурсттук комиссиясынын курамын ээлеген кызмат орундары боюнча бекитип берүү” тууралуу №01-14/926 кайрылуу каты жөнүндө»
Шаардык мэриянын 05.06.2018-жылдагы “Таш-Көмүр шаардык мэриясынын муниципалдык менчиктеги жер тилкелерин ижарага берүү боюнча конкурсттук комиссиясынын курамын ээлеген кызмат орундары боюнча бекитип берүү” тууралуу №01-14/926 кайрылуу каты жөнүндө шаардык Кеңештин алдындагы «Мыйзамдуулук» боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Раимжановдун маалыматын жана чыгып сүйлөгөн депутаттардын сын пикирлерин угуп жана талкуулап Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кеңешинин ХХIХ чакырылышынын кезектеги 5- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Шаардык мэриянын 05.06.2018-жылдагы “Таш-Көмүр шаардык мэриясынын муниципалдык менчиктеги жер тилкелерин ижарага берүү боюнча конкурсттук комиссиясынын курамын ээлеген кызмат орундары боюнча бекитип берүү” тууралуу №01-14/926 кайрылуу каты жөнүндө шаардык Кеңештин алдындагы «Мыйзамдуулук» боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Раимжановдун маалыматы эске алынсын.
“Таш-Көмүр шаардык мэриясынын муниципалдык менчиктеги жер тилкелерин ижарага берүү боюнча конкурсттук комиссиясынын курамы” ээлеген кызмат орундары боюнча төмөндөгүдөй бекитилсин:
Комиссиянын төрагасы: -шаардын 1-Вице мэри;
- Төраганын орун басары:- шаардык депутаттар Кеңешинин аппарат жетекчиси;
Катчысы:- шаардык мэриянын турак жай жана коммуналдык чарба боюнча башкы адиси;
Мүчөлөрү;
шаардык Кеңештин депутаты: - А. Шералиева;
шаардык Кеңештин депутаты: - Н. Боруев;
шаардык салык башкармалыгынын башчысы;
шаардык шаар курулуш жана архитектура башкармалыгынын башчысы;
шаардык жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо бөлүмүнүн башчысы;
муниципалдык менчик департаментинин директору;
муниципалдык менчик департаментинин башкы адиси;
Шамалды-Сай шаарча аймактык башкармалыгынын башчысы.
3. Бул токтомду мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык Кеңештин аппаратына милдеттендирилсин.
4. Токтом жергиликтүү массалык маалымат каражаттарында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кеңештин алдындагы «Мыйзамдуулук» боюнча туруктуу комиссиясына ((А.Раимжанов) жүктөлсүн.
Төрага | С.Сансызбаев |