Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII чакырылыштагы кезектеги XXII сессиясы
2018-жылдын 5-июлу № 121/22-7
Талас шаарынын 2017-жылдагы социалдык –экономикалык жактан өнүктүрүү багытында аткарылган иштеринин жыйынтыгы жөнүндө отчету
Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 3-пункту, 44-беренесинин 8-пунктуна ылайык, Талас шаардык жергиликтүү өз алдынча башкаруусу мэриясынын 22.06.2018-жылдагы № 01-4/825 сандуу катынын негизинде, Талас шаарынын 2017-жылдагы социалдык –экономикалык жактан өнүктүрүү багытында аткарылган иштеринин жыйынтыгы жөнүндө отчетун карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас шаарынын 2017-жылдагы социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү багытында аткарылган иштеринин жыйынтыгы жөнүндө отчету эске алынсын.
2. Кабыл алынган токтомду Талас шаардык Жаны Багыт газетасына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүүнү көзөмөлдүккө алуу жагы Талас шаардык кенешинин жооптуу катчысына (А.Сариева) милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдүккө алуу жагы Депутаттардын Талас шаардык кенешинин жооптуу катчысына (А.Ж.Сариева) тапшырылсын.
Төрага | М.Есенкулов |