Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII чакырылыштагы кезектеги XXII сессиясы
2018-жылдын 5-июлу № 122/22-7
Талас шаарынын 2019-2020-2021-жылдарга жергиликтүү бюджетинин болжолдуу долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-пункту, Кыргыз Республикасынын Бюджет Кодекси мыйзамынын 95-беренеси, Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигинин Талас башкармалыгынын 25.06.2018-жылдагы № 01-04/93 сандуу катынын негизинде, Талас шаардык кеңешинин Бюджет жана муниципалдык менчик башкаруу маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын сунушун карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас шаарынын 2019-2020-2021-жылдарга жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн негизги көрсөткүчтөрүнүн болжолу тиркемеге ылайык жактырылсын.
2. Кабыл алынган токтом Талас шаардык Жаны Багыт газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүүнү көзөмөлгө алуу жагы Талас шаардык кенешинин жооптуу катчысына (А.Сариева) тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Талас шаардык кеңешинин Бюджет жана муниципалдык менчикти башкаруу боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымына (Н.Мүсүралиева) тапшырылсын.
Төрага | М.Есенкулов |