Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII чакырылыштагы кезектеги XXII сессиясы
2018-жылдын 5-июлу № 123/22-7
Талас шаарынын 2018-жылга карата жергиликтүү бюджетинен киреше салыктан -2889,0 жана сатуудан алынуучу салыктан -1630,0 миң сом жалпы 4519,0 миң сомду азайтуу боюнча Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигине кайрылууга макулдук жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-пункту, Мамлекеттик салык кызматынын Талас шаары боюнча башкармалыгынын 12.06.2018-жылдагы №09-3-6/874 сандуу катынын негизинде, Талас шаардык кеңешинин Бюджет жана муниципалдык менчикти башкаруу маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын №2 протоколдук сунушун карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас шаарынын 2018-жылга карата жергиликтүү бюджетин толтуруу боюнча бекитилген план тапшырманы аткарууга мүмкүн болбогондугуна байланыштуу киреше салыктан -2889,0 жана сатуудан алынуучу салыктан -1630,0 миң сом, жалпы 4519,0 миң сомду азайтуу боюнча Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигине кайрылууга макулдук берилсин бирок, жыл башында Мамлекеттик салык кызматынын Талас шаары боюнча башкармалыгына(А.Маткеев) жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгүндө белгиленген план тапшырма жалпы 115015,6 сом акча каражатын камсыздоо жагы милдеттендирилсин.
2. Кабыл алынган токтомдун көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигине жөнөтүлсүн.
3. Токтом Талас шаардык Жаны Багыт газетасына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүүнү көзөмөлгө алуу жагы Талас шаардык кенешинин жооптуу катчысына (А.Сариева) тапшырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Талас шаардык кенешинин Бюджет жана муниципалдык менчикти башкаруу боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымына (Н.Мүсүралиева) тапшырылсын.
Төрага | М.Есенкулов |