Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII чакырылыштагы кезектеги XXII сессиясы
2018-жылдын 5-июлу № 124/22-7
Талас шаардык кенешинин 19.03.2018-жылдагы №111/19-7 сандуу токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-пункту, Талас шаардык өз алдынча башкаруусу-мэриясынын 21.06.2018-жылдагы №01-3/821 жана 25.06.2018-жылдагы №01-1/839 сандуу каттарынын негизинде, Талас шаардык кенешинин Бюджет жана муниципалдык менчикти башкаруу боюнча туруктуу комиссиясынын №2 протоколдук сунушун карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кенешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Талас шаардык кенешинин 19.03.2018-жылдагы №111/19-7 сандуу “2017-жылдын жыйынтыгы менен Талас шаарынын жергиликтүү бюджетин аткарууда кирешенин чыгашадан ашкан жана үнөмдөлгөн суммасын бөлүштүрүү жөнүндө” токтомуна төмөндөгүдөй тартипте өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин.
Талас файт Кулатуу Эр таймаш ММА улуттук күрөш Федерациясы коомдук Бирикмесине спорт инвентарларын сатып алуу үчүн 250,0 мин сом акча каражаты Талас шаардык Муниципалдык менчик башкармалыгы аркылуу каржылансын.-деген пунктка Талас шаардык спорт комитетине спорттук инвентарларды сатып алуу үчүн 250,0 мин сом акча каражаты бөлүнүп, Талас шаардык спорт комитети аркылуу каржылансын-деп өзгөртүлүп толукталсын.
Талас шаардык өспүрүм балдардын спорттук мектебинин имаратына жылуулук
системасын орнотуу боюнча жалпы суммасы 3 220264 сомдук долбоорго өздүк салым
катары 644,1 мин сом акча каражаты Талас шаардык жаш өспүрүм балдардын спорттук
мектеби аркылуу каржылансын.- деген пунктка Талас шаардык мэриясы аркылуу
каржылансын – деп өзгөртүлүп, толукталсын.
Талас облустук биргелешкен ооруканасына санитардык автоунааларын токтотууга төрт бокстуу гараж курууга жардам иреетинде бөлүнгөн 150,0 мин сом акча каражаты Талас шаардык мэриясы аркылуу каржылансын-деген пунктка Талас облустук биргелешкен ооруканасынын атайын эсебине которулуп берилсин- деп кошулуп өзгөртүлүп, толукталсын.
Кабыл алынган токтомду Талас шаардык Жаны Багыт газетасына
жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылардын
мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүүнү көзөмөлдөө жагы Талас шаардык
кенештин жооптуу катчысына (Сариева А.Ж.) милдеттендирилсин.
Бул токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин Бюджет жана муниципалдык менчикти башкаруу боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымына (Мүсүралиева Н.С.) тапшырылсын.
Төрага | М.Есенкулов |