Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII чакырылыштагы кезектеги XXII сессиясы
2018-жылдын 5-июлу № 125/22-7
Талас шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын 2017-жылда жасаган иштери жана 2018-жылга карата план тапшырмалары жөнүндө
Депутаттардын Талас шаардык кенешинин Регламенти, Талас шаардык кенешинин 2018-жылга карата иш планы жана Депутаттардын Талас шаардык кенешинин “Өнөр жай, коммуналдык чарба, транспорт, курулуш, ишкерликти өнүктүрүү, электр жана байланыш иштери боюнча туруктуу комиссиясы тарабынан сунушталган маалыматтык корутундунун негизинде карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Талас шаардык муниципалдык менчик башкармалыгынын (М.С.Долдоев) 2017-жылдагы ишмердүүлүгү жана белгиленген план тапшырмаларды аткарууда жасалып жаткан иштери “канааттандырарлык” деп табылсын.
Талас шаардык Муниципалдык менчик башкармалыгы мындан аркы ишмердүүлүгүндө төмөндө белгиленген багыттардын алкагында ишти уюштурсун.
муниципалдык жер тилкелерин ижарага берүү боюнча келишимдердин электрондук базасын түзүү жана бюджетке акча түшүрүүнүн көлөмүн жогорулатуу;
базардын тегерегин тартипке келтирүү, борбордук Д.Сарыгулов, А.Оторбаев, Манас көчөлөрүндө баш аламан соода сатыкка жол бербөө жана жол кыймылын женилдетүү максатында А.Оторбаев көчөсүндө автоунаа токтоочу жайларды уюштуруп иштетүү иш аракеттерин тездетүү;
Талас шаарында көп кабаттуу үйлөргө мыйзамсыз жармаштырылып салынган курулуштарды жана мыйзамсыз коюлган павильон, контейнерлерди тез арада алдыруу аракеттерин күчөтүү;
Талас шаардык муниципалдык автоунаалардын жана техникалардын реестриндеги жана ыкчам башкаруу келишимдердин негизинде мекемелерге өткөрүлгөн техникалардын жалпы эсебин тактап, керектен чыккан техникалардын “жараксыздык абалын” тастыктаган документтик пакеттерин даярдоо;
Талас шаарынын К.Оторбаев көчөсүндөгү №1 орто мектебинин жанында уулуу заттарды (селитра, аммафос ж.б) сатууга тыюу салынсын жана павильондордун сырткы көрүнүшүн бир катар заманбап тартипке келтирүү, инфраструктурасын жакшыртуу боюнча иш аракеттерди тездетүү жана аткарылган иштер жөнүндө Депутаттардын Талас шаардык кеңешине расмий маалымат берүү;
Токтомду аткаруу боюнча көзөмөлдүк кылуу жагы Талас шаардык жергиликтүү өз алдынча башкаруусу-мэриясынын биринчи вице мэрине (Д.С.Курманалиев) милдеттендирилсин.
Кабыл алынган токтомду Талас шаардык Жаны Багыт газетасына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүүнү көзөмөлгө алуу жагы Талас шаардык кенешинин жооптуу катчысына( А.Ж.Сариева) милдеттендирилсин.
Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Талас шаардык кеңешинин Өнөр жай, коммуналдык чарба, транспорт, курулуш, ишкерликти өнүктүрүү, электр жана байланыш иштери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына (Ж.Иманалиев) тапшырылсын.
Төрага | М.Есенкулов |