Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII чакырылыштагы кезектеги XXII сессиясы
2018-жылдын 5-июлу № 126/22-7
Талас шаардык коммуналдык кызмат көрсөтүү муниципалдык ишканасынын ишмердүүлүгү, таштанды ташуу жана кабыл алуу жыйымдары боюнча келишимдерди түзүүнүн жыйынтыгы жөнүндө
Депутаттардын Талас шаардык кенешинин Регламенти, Талас шаардык кенешинин 2018-жылга карата иш планы жана Депутаттардын Талас шаардык кенешинин “Өнөр жай, коммуналдык чарба, транспорт, курулуш, ишкерликти өнүктүрүү, электр жана байланыш иштери боюнча туруктуу комиссиясынын маалыматтык корутундусунун негизинде карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас шаардык коммуналдык кызмат көрсөтүү муниципалдык ишканасынын ишмердүүлүгү, таштанды ташуу жана кабыл алуу жыйымдары боюнча келишимдерди түзүү жөнүндө маалыматтык отчету эске алынсын жана корутундуда белгиленген кемчиликтерди тез арада четтетүү жагы муниципалдык ишкананын жетекчисине (Э.Аскаров) милдеттендирилсин.
2. Талас шаардык коммуналдык кызмат көрсөтүү муниципалдык ишканасы мындан аркы ишмердүүлүгүндө төмөндө белгиленген багыттардын алкагында иш аракеттерди көрсүн жана аткарылышы 2018-жылдын 9 айынын жыйынтыгы менен каралсын.
3. Талас шаарында таштанды ташуу жана кабыл алуу боюнча мекеме уюм, коммерциялык обьекттер менен келишимдерди түзүү аркылуу муниципалдык ишкананын каржы булагын көбөйтүү;
4. Муниципалдык ишкананын жалпы техникалык базасын тактоо жана айрым эскилиги жетип, керектен чыккан техникалардын негизги жана “жараксыздык абалын” аныктаган тиешелүү документтик пакеттерин толуктап, керектен чыгаруу боюнча сунуштарды берүү;
5. Муниципалдык ишканага тиешелүү ар бир жумушчу техникасын күйүүчү жана майлоочу майлар менен камсыздоо боюнча күнүмдүк чыгымдарын эсептөө үчүн жай жана кыш мезгилдери боюнча нормалык эсеби жана май куюучу жайлардан ар бир техникага ведомосттук маалыматын тастыктаган тиешелүү иш кагаздарды түзүү жана отчеттуулугун камсыздоо;
6. Муниципалдык ишкананын жалпы номенклатуралык иш кагаздарын кыска мөөнөттө тартипке келтирүү жана мекеменин 2018-жылдын 9 айына карата
Төрага | М.Есенкулов |