Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII чакырылыштагы кезектеги XXII сессиясы
2018-жылдын 5-июлу № 127/22-7
Талас райондук, шаардык билим берүү бөлүмүнүн ишмердүүлүгү, окуучулардын билим сапатын жогорулатуу, ЖРТнүн жыйынтыгын жакшыртуу жана шаардагы орус тилдүү мектептерде үч нөөмөттө окутууну жоюу багытында аткарылган иштери жөнүндө
Депутаттардын Талас шаардык кенешинин Регламентинин 18-пункту,Талас шаардык кенешинин 2018-жылга карата иш планынын негизинде, Талас шаардык кенешинин Социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын №1 Протоколдук сунушун жана Талас райондук, шаардык билим берүү бөлүмүнүн 2017-2018-окуу жылдарга карата ишмердүүлүгү, жалпы тестирлөөнүн жыйынтыгы жана мектептерде билим сапатын жогорулатуу алкагында жасалган иштери жөнүндө маалыматтык корутундусун карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас райондук, шаардык билим берүү бөлүмүнүн (Б.Керимбаев) 2017-2018- окуу жылдарга карата жалпы ишмердүүлүгү, жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы жана мектептерде билим сапатын жогорулатуу алкагында жасалган иш аракеттери “канааттандырарлык” деп табылсын.
2. Шаардын билим берүү тармагында окуучулардын билим сапаты боюнча көрсөткүчтү жогорулатуу, ЖРТнын жыйынтыгын жакшыртуу, мектептердин жана мектепке чейинки мекемелердин материалдык-техникалык базасын камсыздандыруу максатында төмөндө белгиленген багытта иш аракеттерди көрүү жагы белгиленсин.
3. 2018-2019-жаңы окуу жылында шаардын кыргыз тилдүү мектептеринде окутуунун сапатын арттыруу, окуучулардын республикалык жана облустук олимпиадаларга катышуусун жакшыртуу жана ЖРТдө (жалпы республикалык тестирлөөдө) жакшы көрсөткүчтөрдү камсыздоо үчүн мектептерде предметтик мугалимдер арасында талапты күчөтүү багытында тиешелүү иш чараларды иштеп чыгып аткарылышын көзөмөлгө алуу;
4. Талас шаарында орус тилдүү мектептерде үч нөөмөттө окутууну кыскартуу үчүн оптималдуу тажрыйбаларды ишке ашыруу максатында, №5 мектептин базасында 1-4 башталгыч класстар үчүн №3 орто мектебинин филиалын ачуу;
5. №3 мектеп гимназиясына 120 орундук кошумча корпустун курулушун 2018-2019-жаңы окуу жылына карата бүтүрүп, пайдаланууга берүү иш аракеттерин тездетүү;
6. Азыркы билим берүү бөлүмүнүн аппараты отурган имараттын базасында 120 орундук бала бакча ачуу үчүн имаратты толук капиталдык ондоп түзөөдөн өткөрүп, 2018-2019-жаңы окуу жылына карата ишке берүү ;
7. Токтомду аткарууну көзөмөлгө алуу жана расмий маалымат берүү жагы Талас шаардык жергиликтүү өз алдынча башкаруусу мэриясынын социалдык тармактар боюнча вице мэрине (А.С.Күрүчбекова) милдеттендирилсин.
8. Кабыл алынган токтомду шаардык Жаны Багыт газетасына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүүнү көзөмөлгө алуу жагы Талас шаардык кенешинин жооптуу катчысына (А.Сариева) милдеттендирилсин.
9. Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы Талас шаардык кенешинин Социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | М.Есенкулов |