Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII чакырылыштагы кезектеги XXII сессиясы
2018-жылдын 5-июлу № 128/22-7
Талас шаардык Жаны Багыт газетасынын ишмердүүлүгү жана Талас шаардык кенешинин №78/14-7 токтомунда белгиленген тапшырмалардын аткарылышы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пункту, Талас шаардык кенешинин Регламентинин 18-пункту, Талас шаардык кенешинин 2018-жылга карата иш планынын негизинде,Социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын №1 протоколдук сунушунун негизинде, Талас шаардык Жаны Багыт газетасынын сапаттык кесипкөйлүк сапатын арттыруу, тиражын жана редакциянын атайын эсептик каржы булагын көбөйтүү максатында карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас шаардык Жаны Багыт редакциясынын (Т.А.Ибрагимов) 2017-жылга карата жалпы ишмердүүлүгү жана Талас шаардык кенешинин №78/14-7 токтомунда белгиленген тапшырмалардын аткарылышы жөнүндө отчеттук маалыматы “канаттандырарлык” деп табылсын.
2. Шаардык газетанын мазмундуулугун арттыруу менен шаар турмушун ар тараптуу чагылдырып, элге жеткирүү үчүн сапатын, нускасын жана атайын эсептик каржы булагын көбөйтүү максатында, төмөндөгү маселелердин алкагында иш аракеттерди көрүү жагы белгиленсин:
3. Газетанын нускасын 2018-жылдын экинчи жарым жылдыгына карата 1000 (миңге) жеткирүү, кесипкөй журналисттерди жумушка алуу жана квалификациясын жогорулатуу жагына көнүл бөлүү;
4. 2018-жылдын экинчи жарым жылдыгынан баштап, газетаны 16 бет менен чыгарууну практикалоо жана жарнама, кулактандырууларды үзбөй жарыялоого жетишүү;
5. Редакциянын материалдык-техникалык абалын жакшыртууга карата кенсесин сапаттуу оңдөп түзөө жумуштарын тездетүү, оргтехникалардын жетиштүүлүгү жана кеңсенин сырткы келбетин (фасад) ондоо;
6. Кабыл алынган токтомду Талас шаардык Жаны Багыт газетасына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүүнү көзөмөлгө алуу жагы Талас шаардык кеңешинин жооптуу катчысына (А.Сариева) милдеттендирилсин.
7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Талас шаардык кенешинин Социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | М.Есенкулов |