Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII чакырылыштагы кезектеги XXII сессиясы
2018-жылдын 5-июлу № 129/22-7
Талас шаардык Аймактык коомдук өз алдынча башкаруусунун каржылык жана чарбалык иштерин уюштуруунун жыйынтыгы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пункту, Талас шаардык кенешинин Регламенти, Талас шаардык кенешинин Регламент, депутаттык этика, мыйзамдуулук укук тартиби, жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери, көчөлөрдүн жана башка социалдык маданий объектилердин аттарын өзгөртүп кайрадан атоо боюнча туруктуу комиссиясынын отурумунун №2 протоколдук сунушун карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас шаардык Аймактык коомдук өз алдынча башкаруусунун (О.Маймурунов) каржылык жана чарбалык иштери боюнча маалыматы эске алынсын.
2. Мекеменин социалдык фондго, негизги карызы 537026 сом, мыйзамдуу үстөк төлөмдөрү 442 831сом, жалпы 979857 сом карызын өндүрүү жана соцфонд төлөмдөрүн өз убагында которбогон жооптуу кызматкерлерге мыйзам талаптарына ылайык иш алып баруу жагы Талас шаардык укук коргоо органдарына тапшырылсын.
3. Кабыл алынган токтомду Талас шаардык Жаңы Багыт газетасына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүүнү көзөмөлдөө жагы Талас шаардык кеңешинин жооптуу катчысына (А.Сариева) милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин Регламент, депутаттык этика, мыйзамдуулук укук тартиби, жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери, көчөлөрдүн жана башка социалдык маданий объектилердин аттарын өзгөртүп кайрадан атоо боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына (Р.Байгараев) тапшырылсын.
Төрага | М.Есенкулов |