ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII чакырылыштагы кезектеги XXII сессиясы
2018-жылдын 5-июлу № 130/22-7
Талас шаарындагы №4 орто мектебине Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими Б.Эрманбетовдун ысымын ыйгаруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пункту, Талас шаардык өз алдынча башкаруусу-мэриясынын 11.06.2018-жылдагы №01-6/772 сандуу каты, Талас райондук, шаардык билим берүү бөлүмүнүн коллегиясынын чечими, №4 орто мектебинин педагогикалык кеңешинин протоколдук сунушу жана Талас шаардык кеңешинин “Көчөлөрдүн жана башка социалдык объектилердин аттарын өзгөртүп кайрадан атоо боюнча” Убактылуу жобосуна ылайык, Талас шаардык кеңешинин Регламент, депутаттык этика, мыйзамдуулук укук тартиби, жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери, көчөлөрдүн жана башка социалдык маданий объектилердин аттарын өзгөртүп кайрадан атоо боюнча туруктуу комиссиясынын №2 протоколдук сунушун карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас шаарындагы №4 орто мектебине Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими, маркум Бакмурат Эрманбетовдун ысымын ыйгаруу жөнүндө сунушу жактырылсын.
2. Токтомдун көчүрмөсүн тиешелүү жактарга расмий жөнөтүү жагы Талас шаардык өз алдынча башкаруусу-мэриясына (А.Джузупбеков) тапшырылсын.
3. Кабыл алынган токтомду Талас шаардык Жаңы Багыт газетасына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүүнү көзөмөлдөө жагы Талас шаардык кеңешинин жооптуу катчысына (А.Сариева) милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышына көзөмөлдүк кылуу жагы Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин Регламент, депутаттык этика, мыйзамдуулук укук тартиби, жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери, көчөлөрдүн жана башка социалдык маданий объектилердин аттарын өзгөртүп кайрадан атоо боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына (Р.Байгараев) тапшырылсын.
Төрага | М.Есенкулов |