Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII чакырылыштагы кезектеги XXII сессиясы
2018-жылдын 5-июлу № 132/22-7
Талас шаарынын муниципалдык менчигинде турган жер участокторуна менчик жана ижара укуктарын акы төлөө менен берүү тартиби жана шарттары жөнүндөгү Жобосун бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 1-пункту, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы №571 токтомуна өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилгендигине байланыштуу, Талас шаардык жергиликтүү өз алдынча башкаруусу-мэриясынын 12.06.2018-жылдагы №01-5/781 сандуу каты жана Талас шаардык кеңешинин Регламент, депутаттык этика, мыйзамдуулук укук тартиби, жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери, көчөлөрдүн жана башка социалдык маданий объектилердин аттарын өзгөртүп кайрадан атоо боюнча туруктуу комиссиясынын №2 протоколдук сунушунун негизинде карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас шаарынын муниципалдык менчигинде турган жер участокторуна менчик жана ижара укуктарын акы төлөө менен берүү тартиби жана шарттары жөнүндөгү Жобосу бекитилсин.
2. Кабыл алынган токтомду Талас шаардык Жаңы Багыт газетасына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүүнү көзөмөлдөө жагы Талас шаардык кеңешинин жооптуу катчысына (А.Сариева) милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылыша көзөмөлдүк кылуу жагы Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин Регламент, депутаттык этика, мыйзамдуулук укук тартиби, жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери, көчөлөрдүн жана башка социалдык маданий объектилердин аттарын өзгөртүп кайрадан атоо боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына (Р.Байгараев) тапшырылсын.
Төрага | М.Есенкулов |