Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 5-июлу № 133/22-7
Талас шаарынын О.Турдалиев көчөсү №236 дарегинде жайгашкан Талас шаардык “Таза-Суу” муниципалдык ишканасынын батыш тарабында жайгашкан жалпы аянты 111,72 кв.м түзгөн эски имаратты бузууга макулдук жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө мыйзамынын 31-беренесинин 1-пунктуна ылайык, Талас шаардык жергиликтүү өз алдынча башкаруусу-мэриясынын 27.06.2018-жылдагы №01-4/907 сандуу катынын негизинде жана Талас шаардык мэриясынын 19.06.2018-жылдагы№157 б Буйругу менен түзүлгөн комиссиянын ишинин жыйынтыгы боюнча карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас шаарында А.Турдалиев көчөсүнүн № 236 дарегинде жайгашкан “Таза Суу” муниципалдык ишканасынын жаңы кеңсесинин батыш тарабында жайгашкан жалпы аянты 111,72 кв.м түзгөн эски имаратты бузууга макулдук берилсин.
2. Бузулган имараттан алынган курулуш материалдардын жарактуусу Талас шаарынын тургуну, экинчи топтогу майып Н.И.Аносовага үй куруу үчүн жардам иреетинде берилсин.
3. Кабыл алынган токтомду Талас шаардык Жаны Багыт газетасына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүүнү көзөмөлгө алуу жагы Талас шаардык кенешинин жооптуу катчысына(А.Ж.Сариева) милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Талас шаардык кенешинин Өнөр жай,коммуналдык чарба,транспорт, курулуш, ишкерликти өнүктүрүү, электр жана байланыш иштери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына (Ж.Иманалиев) тапшырылсын.
Төрага | М.Есенкулов |