Загрузка документа…
ТАЛАС ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII чакырылыштагы кезектеги XXII сессиясы
2018-жылдын 5-июлу № 134/22-7
Талас шаарынын жергиликтүү коомдоштугунун X Элдик курултайын чакыруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2001-жылдын 2-майындагы Жергиликтүү жааматтын өкүлчүлүктөрүнүн элдик курултайы жөнүндөгү Жарлыгы жана Элдик курултайды уюштуруу боюнча жобосу, Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө мыйзамынын 59-беренесине ылайык, карап, талкуулап чыгып, Депутаттардын Талас шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас шаарынын жергиликтүү коомдоштугунун кезектеги X Элдик курултайы 2018-жылдын 11-октябрында саат 10.00го чакыртылсын.
2. Талас шаарынын X Элдик курултайынын күн тартибинде Талас шаарынын социалдык –экономикалык жана маданий жактан өнүктүрүү боюнча стратегиялык программаларынын аткарылышы жөнүндө маалыматы каралсын.
3. Талас шаарынын жергиликтүү коомдоштугунун кезектеги X Элдик курултайын өткөрүү боюнча “Жергиликтүү жааматтын өкүлчүлүктөрүнүн элдик курултайы жөнүндөгү Жобонун 4-бөлүмүнүн 10-пунктуна ылайык, уюштуруу комиссиясы түзүлсүн.
4. Кабыл алынган токтомду Талас шаардык Жаны Багыт газетасына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылардын мамлекеттик реестринен каттоодон өткөрүүнү көзөмөлдүккө алуу жагы Талас шаардык кенешинин жооптуу катчысына (А.Сариева) милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдүккө алуу жагы Депутаттардын Талас шаардык кенешинин жооптуу катчысына (А.Ж.Сариева) тапшырылсын.
Төрага | М.Есенкулов |