Загрузка документа…
АЧА-КАЙЫНДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 14-июну № II /I
14-июнь 2018-жыл № II /I Ача-Кайыңды айылы. Ача-Кайынды айыл аймагынын жалпы элдик жыйынында кабыл алынган 2018-жылдын 13-апрелиндеги №3 токтомун бекитүү жөнүндө
Ача-Кайынды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы М.Асаналиевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ача-Кайынды айыл аймагынын айылдык Кенешинин Депутаттарынын VII чакырылышынын кезектеги II сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т.
1. Ача-Кайынды айыл аймагынын жалпы элдик жыйынында кабыл алынган 2018-жылдын 13-апрелиндеги №3 токтому алымча-кошумчасы менен төмөндөгүдөй жазылышта бекитилсин.
2. Жазгы-жайкы талаачылык жумуштарына колдонулган техникалардын элге кызмат көрсөтүү акысы жалпы элдик талкуунун жыйынтыгы менен төмөндөгүдөй бекитилсин.
Колесный трактор жүргүзсө1га жерди айдоо 25литр солярка 1000 сом услуга
1га жерди тырмоо10л. сол. 500 сом усл.
1га жерди себүү 10л. сол. 500 сом усл.
1га жерге арык тартуу 3л. сол. 100 сом усл.
Жалпы баасы-2100сом.
Казтамандуу трактор жүргүзсө 1га жерди 30литр солярка 1300 сом услуга
1га жерди тырмоо 10л. сол. 500 сом усл.
1га жерге арык тартуу 5л. сол. 200 сом усл
Жалпы баасы-1700сом..
Жайыкы чөп чабык
Косилка КС 2.1.
1га жерди чабуу 10литр солярка 600 сом услуга
1га жерди тырмоо 5л. сол. 350 сом усл.
1га жерди престөө 10л. сол. 1шт. х 6сомдон усл.
Чөп чабуу Германский менен
1га жерди чабуу 10л. сол. 1000 сом усл
3.Көчүү-конуу күнүн белгилөө жана мал багуу акысы жалпы элдик талкуунун жыйынтыгы менен төмөндөгүдөй бекитилсин.
-Талаа коруунун убагы 1-майдан 5-октябрга чейин белгиленсин.
1-майдан баштап уй бадасы уюштурулсун. Севеобороттун ортосунда турган сарай ээлери корук башталгандан баштап өйдөлөп көчүп талааны малдан тазаласын. -Малын кароосуз калтырып, дыйкандардын эгин жана чөп аянттарына олуттуу зыян келтирсе келтирилген зыяндын оорду мал ээси тарабынан төлөнүп берилсин
3. Камакка тушкон малдын айып суммасы бодо малга биринчиси эскертүү бүгүкү жыйналыш эсептелет. экинчи жолу түшсө 350сом,майда жандыкка(кой-эчкиге)20сом ондуруу белгиленсин..
-Камакка айдап келген малдын тийиштүү штрафтын 50% айдап келген дыйканга 30% кароолчуга 20% айыл өкмөтүнө пайдаланылсын. Чоң короонун эшигин жаап, ачып бекитип туруу жана келген малдын башын каттоого алып туруу жагы Нурлан Надырбековго бекитилсин, камалган малдан чыгым болбос үчүн,малдын ээси аныкталганга чейин туура кармап туруу менен малдын ээсине билдирип коюуга малды айдап келген жер ээси жоопкер болоору эскертилсин.Малдын ээси аныкталганга чейин малды кармоого кеткен чыгымдар мал ээсинен өндүрүлсүн.(чөп 1боосу 100сомдон 150 сомго чейин, кызмат көрсөтүү акысы чыгымдалган чөптүн баасы менен эсептелсин).
Жазгы жайлоого көчүү убактысы 15-майдан 25-майга чейин чектелсин.
25-майдан кечиккендерге КРнын административдик жоопкерчилик жөнүндө кодексинин 185-беренесине ылайык эсептешүү көрсөткүчүнүн 15-20-чейинки өлчөмүндө администрациялык айып салынары тууралуу эскертилсин.
Мал багуунун эмгек акысы төмөндөгүдөй бекитилсин.
1 баш уй 1айга 300 сом
1 баш кой-эчки 1айга 40 сом
Жайыт акы мыйзамга ылайык мал ээлеринен ондурулсун.
Ак-Сай ороонундо жайы-кышы багылган малдарга бодо мал 63сом,кой-эчки12сом.Ички багылуучу малдарга бодого42сом,кой-эчки 6сом.
Айыл ичиндеги сарайларга мал алып калуунун саны 1(бир) ат, 2(эки) уйдан ашык мал калтырылбасын.Мал багып берүү боюнча кызмат көрсөтүү үч тараптуу келишими ( типтүү) жактырылсын. Бул келишимди ишке ашыруу жагы Ача-Кайыңды айылдык Жайыт комитетинин төрагасы М. Норузбаевге милдеттендирилсин.
-1-октябрдан эрте көчүп келген мал багуучуларга КРнын административдик жоопкерчилик жөнүндө кодексинин 185-беренесине ылайык эсептешүү көрсөткүчүнүн 15-20-чейинки өлчөмүндө администрациялык айып салынары тууралуу эскертилсин.
-Тышкы жайлоолордон мал көчүп келгиче чабылган аянттарга мал аркандагандарга уруксат берилбесин. Буларга дагы жогоруда көрсөтүлгөн айып салынсын.–Уй бада кезеги келгенде адамдар-иштиктүү карым-катнаштардын каада-салттарынын негизинде түзүлгөн корук эрежелерин бузуп, бадага алып чыгуу мөөнөтүн бузуу менен дыйкандардын жерлерине элдин малын кароосуз калтырып киргизип жиберсе же болбосо мал ээлери малын кароосуз калтыруу менен айдоо аянттарга зыян келтирүү коркунучун туудурса КРнын Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодексинин 185-беренесине ылайык эсептешүү көрсөткүчүнүн он бештен жыйырмага чейинки өлчөмүндө Администрациялык айып салынаары тууралуу эскертилсин.
-Жогорудагы айыптарды салуу КРнын административдик жоопкерчилик жөнүндө кодексинин 509-беренесине жана КРнын «Жергиликтуу оз алдынча башкаруу жонундо»Мыйзамынын 32,33,34-беренелерине ылайык ылайык тузулгон Ача-Кайынды айыл аймактык айыл окмотунун администрациясынын алдындагы Жергиликтуу оз алдынча башкаруу органынын комиссиясынан суралсын.
4. Суу мурап башчылары 1-ферма боюнча Калбаев Жума, 2-ферма Орто-Кайыңды боюнча Шырдаков Ыбрай, Кара-Жон участкасы боюнча Надырбеков Жумабек , айыл ичине Чыбылдиев Жетимиш суу мурап башчылары болуп шайлансын.Суу акысы 1га жерге 100сом болуп белгиленсин.Суу пайдалануучу дыйкандар суу мурап башчысынын уруксаты жок өзүм билемдик менен арыктарды жырып тартипсиздик иш-аракеттерди жаратса 2000(эки мин) сом өлчөмдө айып салынып өндүрүлсун.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы:Ача-Кайынды айыл аймагынын айыл окмотүнүн башчысы Н.Жунусовго тапшырылсын
Төрага | А.Мурзалиев. |