Загрузка документа…
АЧА-КАЙЫНДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII чакырылышынын кезектеги II сессиясы
2018-жылдын 14-июну № II /II
Муниципалдык менчикте турган негизги каражаттарды эсептен чыгаруу жөнүндөгү жобону бекитүү жөнүндө
Ача-Кайынды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Жунусовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ача-Кайынды айыл аймагынын айылдык Кеңешинин Депутаттарынын VII чакырылышынын кезектеги II сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Муниципалдык менчикте турган негизги каражаттарды эсептен чыгаруу жөнүндөгү жобосу төмөндөгүдөй бекитилсин.
2. Бул жобо Ача-Кайынды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде турган негизги каражаттарды (мындан ары-мүлк) эсептен чыгаруу тартибин аныктайт.
3. Бул жобо төмөнкү муниципалдык менчиктеги мүлккө жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына чарба жүргүзүү жана оперативдүү башкаруу укугунда бекитилип берилген,белгиленген тартипте сатууга,башка ишканаларга акысыз өткөрүп берүүгө мүмкүн болбогон муниципалдык мүлккө карата колдонулат:
-курулушу бүтө элек объекттер;
-жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы тарабынан андан ары пайдаланууга жараксыз болуп калган,атап айтканда курулушка,кенейтүүгө,кайра конструкциялоого жана техникалык кайра жабдууга байланыштуу моралдык же физикалык жактан эскирген жана башкаруунун башка ыкмаларын колдонууга мүмкүн болбогон,авариядан же жаратылыш кырсыгынын натыйжасында бузулган жана калыбына келтирилбөөчү мүлк.
4. Негизги каражаттардын баланстык наркын өнүктүрүүнү токтотуу төмөнкү учурларда жүргүзүлөт:
-жарабай калуу;
-аны эксплуатациялоодон келечектеги кандайдыр бир экономикалык пайда же кызматтык потенциал күтүлбөсө.
5. Негизги каражаттар объекттин таанууга байланыштуу пайда болгон пайда же чыгаша, мындай объектти таанууну токтотуудан улам болгон пайдага же чышашага милдеттүү түрдө киргизүүгө тийиш.
6. Негизги каражаттар объекттин таанууга байланыштуу пайда болгон пайда же чыгашасы, эгер мындайлар бар болсо,эсептен чыгаруудан түшкөн таза кирешелер менен бул объекттин балансттык наркынын айырмасы катары аныкталат.
7. Негизги каражаттардын жарабай калуусу жергиликтүү кенеш кабыл алган жободо белгиленген тартипте жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдар тарабынан жүргүзүлөт.
8. Баластан төмөнкү негизги каражаттар чыгарылышы мүмкүн:
а ) физикалык эскирүүнүн,авариянын,табигый кырсыктардын,эксплуатациялоо шарттарынын бузулушунун натыйжасынан улам пайдаланууга жараксыз абалга келгендер;
б ) моралдык жактан эскирген;
в ) мекеменин,уюмдун жана башка объекттердин курулушуна,кенейишине, реконструкцияланышына жана техникалык кайра жабдылышына байланыштыруу.
Ошол эле учурда негизги каражаттарды калыбына келтирүүгө мүмкүн болбогон же экономикалык жактан максатка ылайыксыз болгон учурларда эсептен чыгарууга жатат.
9. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары негизги каражаттарды баланстан чыгаруу негизги каражаттардын бирдиктеринин наркына карабастан жүргүзүлөт.
10. Негизги каражаттардын пайдаланууга жараксыздыгын,аларды калыбына келтирүү, ондоого мүмкүн эместигин жана натыйжасыздыгын аныктоо,ошондой эле негизги каражаттарды эсетен чыгарууга зарыл болгон документтерди тариздөө үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысынын буйругу менен туруктуу иштөөчү комиссия төмөнкү курамда түзүлөт:
- Жетекчи жана анын орун басары (комиссиянын төрагасы);
- башкы бухгалтер;
- негизги каражаттардын эсеп жүргүзүүсү жана жоопкерчииги жүктөлгөн жак;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын инженердик,техникалык, технологиялык,курулуш,экономикалык жана башка кызматтардын кызматкерлери;
- жергиликтүү кеңештин өкүлү;
- жергиликтүу жамааттын өкүлү;
11. Туруктуу иштөөчү комиссия төмонкү иштерди ишке ашырат:
а ) эсептен чыгарууга жаткан объекттиге түздөн-түз кароону жүргүзөт,ошондой эле учурда зарыл болгон техникалык документтерди (паспорт,кабаттар боюнча планды жана башка документтерди),ошондой эле бухгалтердик эсепке алуунун маалыматтарын пайдаланат жана анын жарактуулугун калыбына келтирүүнү жана андан ары колдонууну белгилейт;
б ) зарыл болгон учурларда негизги каражаттардын (атайын аппаратура же жабдуу боюнча) жараксыздыгы жөнүндө корутундуну берүү үчүн тиешелүү түзүмдөрдүн адистердин же көз карандысыз эксперттерди чакыра алат;
в ) объекттин эсептен чыгаруунун конкреттүү себептери (эскирүү,реконструкциялоо,эксплуатациялоонун нормалдуу шарттарынын бузулушу, авариялар жана башкалар)белгиленет;
г ) эксплуатациялоодон негизги каражаттардын мөөнөтүнөн мурда жарабай калышына күнөөлүү болгон адамдарды табат жана бул адамдарды колдонуудагы мыйзамдарда белгиленген жоопкерчиликке тартуу жөнүндө сунуштарды киргизет;
д ) эсептен чыгарылуучу объекттин өзүнчө түйүндөрүн,деталдарын,материалдарын пайдалануу мүмкүнчүлүгүн аныктайт жана аларды баалоону жүргүзөт;
е ) эсептен чыгарылуучу негизги каражаттардан жарактуу түйүндөрдү,деталдарды, материалдарды, түстүү жана баалуу металлдарды алууну контролдоонуу жүргүзөт, алардын сапатын,салмагын аныктайт жана алардын тийиштүү кампага берилишин көзөмолдөйт;
ж ) негизги каражаттардын айрым объекттерин эсептен чыгарууга төмөнкү актыларды түзөт:
- Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында негизги каражаттарды эсептен чыгаруу жөнүндө акт (форма НК-1);
-Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында транспорт каражаттарын эсептен чыгаруу жөнүндө акт (тиркелген форма НК-2 ылайык).
12. Негизги аражаттарды эсептен чыгарууга комиссия тарабынан түзүлгөн актылар жергиликтүү өз алдынча органдарынын башчысы тарабынан бекитилет.
13. Колдонуудагы объекттерди жаны курууга,кенейтүүгө,реконструкциялоого жана техникалык кайра жабдууга байланыштуу жабдуу эсептен чыгарылган учурларда комиссия жергиликтүү оз алдынча башкаруу органы тарабынан бекитилген колдонуудагы объекттерди кеңейтүү,реконструкциялоо жана техникалык кайра жабдуу планында каралган эсептен чыгарууга берилген жабдууга шайкештигин текшерүүгө жана актыга аларды эсептен чыгарууга пунктка жана план бекитилген датага шилтеме берүүгө тийиш.
14. Эсептен чыгаруу актыларында негизги каражаттардын объекттерин мүнөдөөчү төмөнкү
маалыматтар көрсөтүлөт: объект жасалган же курулган жыл, анын мекемеге келип түшкөн дата, эксплуатацияга берилген убакыт, объекттин алгачкы наркы (жаңы баалангандар үчүн- калыбына келтирүү), бухгалтердик эсепке алуунун маалыматтары боюнча эсептелген амортизациянын суммасы жүргүзүлгөн капиталдык оңдоолордун саны. Негизги каражаттардын объектинин жарактан чыгуу себептери, анын негизги бөлүктөрүнүн , деталдарынын, түйүндөрүнүн, конструктивдик элементтеринин абалы да толугу менен чагылдырат.
15. Мындан тышкары, автотранспорт каражаттарын эсептен чыгарууда автомобилдин канча жүргөндүгү көрсөтүлөт жана автомобилдин агрегаттарына жана деталдарына жана аны ажыратуудан алынган негизги деталдарды жана түйүндөрдү андан ары пайдалануу мүмкүндүгүнө техникалык мүнөздөмө берилет.
16. Авариянын натыйжасында жарактан чыккан негизги каражаттарды баланстан чыгарууда авария жөнүндө актыгы эсептен чыгаруу жөнүндө актынын көчүрмөсү тиркелет, ошондой эле аварияга түрткү болгон себептер такталат жана күнөлүү адамдарга карата алынган чаралар көрсөтүлөт.
17. Көчүрүүчү, компьютердик техниканы , байланыш каражаттарын баланстан чыгарууда техникалык экспертизалоо жана ажыратуудан алына турган негизги деталдарды жана түйүндөрдү андан ары пайдалануу мүмкүндүгү жөнүндө актылардын көчүрмөлөрү тиркелет.
18. Ажыратылган жана демонтаждалган жабдуулардын башка машиналарды оңдоого жарактуу бардык деталдары, түйүндөрү жана агрегаттары, ошондой эле негизги каражаттарды жоюудан алынган башка материалдар тийиштүү эсептерге кириштелет, аталган баалуулуктар эске алынат, ал эми жараксыз деталдар жана материалдар экинчи чийки зат катары кириштелет.
Ошол эле учурда кара, түстүү металлдардын сыныктарын жана калдыктарын эсепке алуу, сактоо жана пайдалануу жана эсептен чыгаруу, ощондой эле чийки затты утилдештирүү алгачкы чийки зат, материал жана даяр продукция үчүн белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
19. Баалуу металдарды колдонуу менен даярдалган деталдар жана түйүндөр, ошондой эле кара жана түстүү металлдардан жасалган жана мекеменин керектөөсү үчүн пайдаланылбаган деталдар жана түйүндөр иштин мындай түрүнө лицензиясы бар тийиштүү уюмдарга сатылууга жатат.
20. Эсептен чыгарылган негизги каражаттардан алынган жана кайталап пайдаланууга жарабаган экинчи чийки зат сатылышы мүмкүн. Сатуудан түшкөн акча каражаттар мыйзамда көрсөтүлгөн тартипте жергиликтүү бюджетке түшөт.
21. Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысы жергиликтүү кеңеш бекиткен Жобонун негизинде мүлктү эсептен чыгаруунун процедурасын сактоого камсыз кылат жана уюштурат.
22. Жергиликтүү кеңеш өзүнүн компетенциясына ылайык Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде Жобонун талаптарын сактоосун камсыз кылат жана акча каражаттарды максаттуу жумшоосун көзөмөлдөйт.
23. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысы жергиликтүү кеңешке туура эмес маалыматты камтыган документтерди бергендиги үчүн жооп берет.
24. Бул токтомдун аткарылышын жетекчиликке алуу жагы Ача-Кайынды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Жунусовго тапшырылсын.
Төрага | А.Мурзалиев. |