Загрузка документа…
ТАЛДЫ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 17-июлу № 15/2
Малдын алыскы жайыттарга көчүрүлүшүнүн жыйынтыгы, тартиптин сакталышы, коруктун уюштурулушу, ветеринардык тейлөө жөнүндө
Талды-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн токтомуна ылайык, Талды-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Малды жайттарга көчүрүүдө малчылар менен айыл өкмөтү, жайыт комитети тарабынан түзүлгөн келишимдер бузулуп, мөөнөттөрү көрсөтүлгөндөн кечиккендиги, бир катар ветеринардык пландуу иштердин жасалгандыгы белгиленсин.
2. Аба ырайына байланыштуу малдын алыскы жайыттарга кеч көчүрүлгөнү эске алынсын.
3. Жазгы жана алыскы жайыттарга малды көчүрүүдө, жазгы корук уюштурууда 1-Май айылынын айыл башчысы Акунбаев Азамат орчундуу кемчиликтерге жол бергендиги баса белгиленсин.
4. Жайытты пайдаланууда мөөнөтүн сактоодо административдик чараларды көрүү үчүн жобосун баасын иштеп чыгуу, бекиттирүү айыл өкмөтүнүн башчысы У Бердигуловко тапшырылсын.
5. Сырттан келген малчылардын малдарына уйга-65 сом, койго -15 сом, жылкыга -65 сом жайыт акы белгиленсин.
6. Жайытты тейлөөнү жакшыртуу үчүн жайыт комитетине айыл өкмөтүнүн балансындагы Нива автомашинасы берилсин.
7. Сары-Тал участкасындагы “сибир жарасынын” очогуна жакын отурган чабандар көчүрүлсүн, 1,5 км аралыкка чейин малчы кондурулбасын, көзөмөлдөө ветеринардык жактан тейлөө боюнча башкы адиси Ү Маамытовко тапшырылсын.
8. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө туруктуу комиссиянын төрагасы Жумалиев Жаныбекке милдеттендирилсин.
9. Бул токтом айыл өкмөтүндө каттого алынсын, ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү жооптуу катчы А Касейиновко милдеттендирилсин.
Төрага | Ж Дүйшеев |