Загрузка документа…
ТАЛДЫ-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 17-июлу № 15/4
Ар кандай кайрылуулар жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «жарандардын кайрылууларын кароо тартиби» жөнүндөгү мызамына ылайык, Талды-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 1-Май айылындагы эски бузулган кампанын ордундагы 0,03 га жер аянты аукцион аркылуу сатууга коюлсун, мыйзам чегинде аукцион өтүүнү уюштуруу турак жай башкы адиси алакуновко жүктөлсүн.
2. 1-Май айылындагы токой чарбасынын питомниги жайгашкан аянт, жайытка киргендиктен бөлүнүп берилбей тургандыгы эске алынсын.
3. Мурунку сиңирген эмгектерин эске алып, Ат-Башы райондук үй-бүлөлүк медицина борборунун сунушуна ылайык 1-Май айылындагы ФАПка Адыкадырова Нарынкүлдүн ысымы ыйгарылсын.
4. 1-Май айылынын жашоочуларынын 25.04 2018-жылдагы № 13 элдик жыйынын токтому бекитилсин.
5. Талды-Суу айыл аймагындагы менчик ветсервис Жаналиев Жыргалбек ишмердүүлүгүн токтоткондугуна байланыштуу, Жаналиевдеги ветеринардык оборудованиелерди иштеп жаткан ветсервистерге бухгалтердик документтерге ылайык алып берүүнү АРИСтин Ат-Башы райондук бөлүмүнөн суралсын.
6. Өзгөрүш-Бишкек кичи маршруттук каттамы боюнча Талды-Суу, Өзгөрүш айылдарында элдик жыйындарда талкууланып, маакулдук берилсин.
7. Акча каражатына байланышкан сунуштар 9 айлык бюджеттин жыйынтыгы менен каралсын
8. Бул токтом айыл өкмөтүндө каттого алынсын, ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү жооптуу катчы А Касейиновко милдеттендирилсин.
Төрага | Ж. Дүйшеев |